Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Он миңден ашык путёвкалар кайра тапшырылды»

Туризм Департаментинен Ысык-Көлдө эс алуудан баш тарткан ар бир туристке расмий чакыруу жөнөткөнгө даяр экендиктерине ишендиришити. 

Кийинки саясий абалдын курчуп жана андан ары уланган тартип бузуулардан кийин он миңден ашык адамдар Ысык-Көлдө эс алуудан баш тартышты. Бул тууралу Vesti.kg  сайтына жергиликтүү пансионаттардын биринин кызматкери өзү тууралу эч маалымат бербестен кабарлады.

- Бүгүнкү күндө путёвкаларын он миңден ашык адам тапшырышты, - деди ошол аял. - Жергиликтүү калк туристик сезонду үзгүлтүккө учураткандары үчүн нараазы. 

Кыргыз Республикасынын Туризм Департаментинден  Vesti.kg сайтына туристердин массалык түрдө чыгып кетип жаткандыктары тууралу маалыматыбыз жок дешип жооп кайтарышты.

- Билбеймин, Ысык-Көлдө эс алуудан эки-үч кишилер баш тарткандыгы жөнүндө маалыматтар бар, - деди Vesti.kg сайтына мекеменин башчысы Максат Дамир уулу. - Бизде азыр абал оңолуп, турукташтып калды. Коопсуздук тууралу көйгөй жок. Туризм департаменти эс алуудан баш тарткан меймандарыбыз үчүн расмий кайрылуу жасап, аларды эс алууга кайрадан чакыра алабыз. Биздин өлкөдө бардыгы жайында боло тургандыгына өзүбүз  кепилдик бере алат. Туристик ишмердүүлүк менен алектенип жаткан жүз миң мекемебиз бар. Алардын ар бири менен байланышканга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бул маселени чечкенге аракет жасайбыз. Азырынча, пансионаттар өздөрү деле биз менен өз ара тыгыз мамиле түзгөнгө өзгөчө умтулуша элек. 

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча УКМК жана ИИМдин кызматкерлери 7-августа өткөргөн атайын операциядан кийин чет элдик туристер Ысык-Көлдө эс алуудан баш тартып жатышат деп билдирген.

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх