Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бир күндүк тапкан кирешесин Самат Курманкуловдун үй-бүлөсүнө беришет 

Милиционерлер кесиптешин сактап калганга жардам берүүнү чечишти  

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өздөрүнүн бир күндүк эмгек акыларын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуу учурунда жаракат алган Чүй облусунун ИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун дарыланышы үчүн берүүнү чечишти.

«Биз кесиптешибизге жардам колун сунабыз! 

Ош шаарынын ИИБы 7-августа Кой-Таш айылындагы штурмдун жүрүшүндө жаракат алган Чүй облусунун ИИББнын башчысы Самат Курманкуловго жардам көрсөтөт. Мындай чечим кечээ бөлүмдөр менен бөлүмчөлөрдүн жетекчилери тарабынан кабыл алынган. Алар бир күндүк кирешелерин Самат Курманкуловдун үй-бүлөсүнө жардам катары беришет», - деп кабарлашты маалымат кызматынан. 

Эске салсак, 2019-жылдын 7-августунун кечинде милициянын жана УКМКнын кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурм менен алышкан. ИИМден мурдагы мамлекет башчысынын кримтөбөл Азиз батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тийиштиги бар экендиги такталды деп билдиришкен. 

Мурдагы президенттин тарапташтары таш менен куралданып алышып, каршылык көрсөтүшкөн. Бир канча укук коргоочулардын куралдарын тартып алышкан. 

Чүй облустук ИИББнын башчысы Самат Курманкуов баш-мээсинен жабык жаракат алган жана баш-мээси козголгон, баш-мээсинен оор жараланган. Учурда комада жана Москвада дарылануу алып жатат. 

Ош шаардык ИИБнын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх