Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлгө бараткан казакстандыктар, чек арада токмоктошконго чейин барышуудабы? (видео)

КР Чек ара кызматынан, мындай аракеттер Кыргызстандын чек ара аймагынан тышкары жакта болуп жатат деп белгилешти 

Кыргыз-казак чек арасында көп адамдардын чогулгандыгынан туруксуз абал байкалууда. «Алар мушташканга чейин барышууда». Буга тийиштүү видеону Facebook социалдык түйүнүнүн  колдонуучуларынын бири өзүнүн баракчасына жайгаштырган.

«Чек ара зонасы. Коркунучтуу. Алар мушташканга чейин барышууда. Биз жыл сайын Ысык-Көлгө барабыз. Казак тарабындабыз, кандай коркунучтуу», - дейт кадр сыртындагы үн. (автордун орфографиясы жана пунктуациясы сакталган - ред. эск.) 

{youtube}RNSEv705d2o {/youtube}

Vesti.kg сайты видеону чечмелеп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына кайрылды.

-Фейсбукта жарыяланган видео, видеонун автору өзү айткандай, Кыргызстандын аймагынан тышкары жерде тартылган, - деп жооп беришти Чек ара кызматынан. - Кыргыз тарабы тууралу айтсак, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак бөлүгүндө көзөмөл-өткөрүүчү пункттар штаттык режимде иштеп жатат. 

Чек ара кызматынан, жарандар үчүн жылуу маанайдагы шарттарды түзүү максатында мамлекеттик чек аранын кесилишинде, 2018-жылдарда «Кен-Булун-автожол», «Токмок-автожол», «Ак-Тилек-автожол» жана «Чалдыбар-автожол» өткөрүү пункттары толук модернизацияланган. 

КР ЧАК жайкы мезгилде, мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан жарандардын саны өсүп жаткандыгын белгилейт. 

Туристик мезгилдин учурунда, «Акжол-автожол» КӨПда чек арадан суткасына 25 миңден ашык адам өтүп турат.

Мына ушуларга байланыштуу негизги магистралдык өткөрүү пункттарында паспорттук көзөмөлдөө кабиналары көбөйтүлгөн. Ошол эле, «Акжол-автожол» КӨПда 18 паспорттук көзөмөлдөө кабиналары иштеп жатат: алтоосу чыгуу үчүн жана алтоосу кирүүгө, дагы төртөө транспорт каражаттарынын айдоочулары үчүн даярдалган. Эгер өтө эле керек болуп калса, аларды да жарандардын чыныгы документтерин текшерүү үчүн колдонобуз.

Туристик мезгилдин учурунда, өзгөчө, дем алыш күндөрү, өткөрүү пункттарында чек ара көзөмөлүн жүргүзгөн өздүк курамдын санын көбөйтөбүз. Кыргызстандан жана Казакстандан келген элдердин агымы өтө көбөйгөн учурларда,  аларды эки тараптуу «Кен-Булун-автожол» жана «Токмок-автожол» КӨПна жөнөтөбүз. Мындай учурларда үчүнчү өлкөнүн жарандары «Ак-Тилек-автожол» көзөмөл-өткөрүүчү жайынан мамлекеттик чек араны басып өтүшөт. 

КР Чек ара кызматында мамлекеттик чек арада жана өткөрүү пункттарында пайда болгон күтүлбөгөн абалдарга даяр болуу планы иштелип чыккан.

Мамлекттик чек арада коррупциялык аракеттерге бөгөт коюу максатында өткөрүү жайларынын бардыгына мекемелердин жетекчилеринин телефондору менен ишеним телефондорунун номерлерин жазылган тактайчалар орнотулган. Ошондой эле көзөмөл-өткөрүүчү жайларга видеобайкоо камералары да коюлган. 

Медина Купсулдаева

Фото www






Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх