Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ушул жуманын аягында Кыргызстанда күндүн суук болушу күтүлөт. Күн күркүрөп, чагылган чартылдайт жана катуу жамгыр жаашы мүмкүн.  

Кыргызгидромет шашылыш билдирүү жарыялады 

22-августан  24-августка чейин Кыргызстан боюнча жамгыр күтүлөт жана аба басымы бир аз төмөндөйт.  

Кыргызгидромет шашылыш билдирүү жарыялады. 

Тынымсыз жааган жамгыр бул күндөрү Чүй, Талас,Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Нарын жана Ысык-Көл облустарында эртең жамгыр жаашы мүмкүн. 21-августа күндүз жана 22-августа түндөсү өлкө боюнча жамгыр болушу күтүлбөйт.  

22-августа күндүз жана 23-августун түнүнө карата Ысык-Көл облусунун көпчүлүк бөлүгүндө, Чүй, Талас, Нарын, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда  жамгыр жаайт жана чагылган чартылдайт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

23-августа күндүз жана 24-августка караган түнү аймактын көпчүлүк бөлүгүндө мезгил-мезгили менен жаан жаайт, чагылган чартылдап, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр тынымсыз нөшөрлөп жаайт. 

25-августа түндөсү жаан жаап, күндүзү күн ачык болот. 26-27-августа өлкөнүн тоолуу аймактарында гана жамгыр жаап өтөт. Абанын басымы кайрадан көтөрүлөт. 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх