Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бабановдун терезеси караңгылатылган машинасынын жарык чачыратуучу айнектерин аныктоо үчүн жөнөтүштү

 

ЖКККББ кимге караңгылатылган терезелери менен машиналарда жүрүүгө уруксат берилгендигин эске салат 

Өмүрбек Бабанов түшкөн Лексус LХ570 маркасындагы (мамномери «В 7700 АА») автомашинасы,  алдыңкы эки капталдагы айнектерин караңгылатууга уруксатты алууга укугу жок. Ошого байланыштуу Бишкек шаардык ИИББ боюнча ЖККУБнын кызматкерлери аталган автомобилди Бажы союзунун Техникалык регламентинин ( КоНдун 129-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык) талаптарына ылайыктуулугун аныктоо үчүн Экономика министрлигинин Стандартизация жана метрология борборуна алдыңкы эки капталдагы айнектеринин жарык чачыратуусун аныктоого жөнөтүштү. 

ЖКККББ, караңгылатылган бет маңдай жана (же) алдыңкы эшигинин капталындагы айнектери менен, ошону менен бирге колдо, өндүрүштө жасалган, же болбосо, аларга парда тартылган же жалтырак менен караңгылатылып жабылган болсо 3 категориядагы (5500 сомго) айып пулун төлөй тургандыгын эске салат.

Аталган ченем, өкмөт тарабынан коюлган тизмедеги атайын автомашиналарга карата таркатылбайт. 

Өкмөттүн токтому менен автомашинанын алдыңкы эки капталдагы айнектерин караңгылатууну (атайын жабууну) талап кылган - чектелген көрүүгө уруксат берилген атайын автомашиналардын тизмеси бекитилген:

 

  1. Президенттин, премьер-министрдин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, Жогорку Соттун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттары; 

 

  1. Президенттин, премьер-министрдин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, Жогорку Соттун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттарын коштоп жүрүүнү (эскорт менен) жана коргоону ишке ашырган УКМКнын 9 Кызматынын автотранспорт каражаттары; 

 

  1. Акча каражаттарын жана баалуу жүктөрдү ташуу боюнча "Кыргыз инкассациясы"  жабык акционердик компаниясынын атайын транспорттору; 

 

  1. Эркинен ажыратылган жана камакка алынган адамдарды ташууга (конвой менен) ылайыкталган атайын кызматтык транспорттук каражаттар. 

ИИМдин ЖКККББнын маалымат кызматы

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх