Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Алар-үйүр. Керек болсо алар өз президентин камакка алышты». Өзбекстандык мушкер Кыргызстандагы турнирден кийин (видео)

Ош облусунун ИИБ Нурсултан Рузибаевдин жаңжалдуу сөздөрүнөн кийин сотко чейинки өндүрүштү баштады 

Жакында Ош облусунун Кара-Суу районунда кулатуу боюнча «WEF PROFFIGHT» турнири болуп өткөн. Бирок, жеңүүчүнү жарыялагандан кийин жаңжал чыккан. 

Мелдештин 84 кг чейинки салмактагы бөлүгүнүн биринде кыргызстандык Алтынбек Арыкбаев менен өзбекстандан келген мушкер Нурсултан Рузибоев бетме-бет чыккан. Калыстардын чечими боюнча мелдеште кыргызстандык спортсмен жеңишке жетип, өзбекстандык спортсмен өтө нараазы болгон таризде, жеңүүчүнү жарыялай электе октагондон чыгып кеткен.

Мелдештен кийин өзбек мушкери Instagram социалдык түйүнүндөгү өз баракчасынан түз эфирде колдонуучуларга төмөндөгүлөрдү билдирди:  

«Сиздер кечээ эмне болгондугун баарыңыздар көрдүңүздөр. Алар өздөрү өз өлкөсүндө, а биз болсок сүйлөгөндөн эч жерде коркпойбуз. Убакытты азайтуу менен, бизге жеңгенге мүмкүнчүлүк беришкен жок. Мен мелдеште жеңдим да. Телефон чалышат жана (мелдешке келүүгө) чакырышат. Эл көп болот деп айтышат, андан соң сөздөрүнө жооп бере алышпайт. Алар-үйүр, керек болсо өздөрүнүн президентин камакка алышты. А милицияны болсо, эч ким деп эсептебейт», - деп даттанды Рузибоев. 

Өзбекстандык спортсмендин видеокайрылуусуна кыргызстандык кик-мушкер Дастан Али Шаршеев жооп берди. Ал Рузибоевге Кыргызстандын аймагында өзбек улутунун аз эмес өкүлдөрү жашай тургандыгын жана ал спортсмен өзүнүн сөздөрү менен улуттар аралык жаңжалды козутушу мүмкүн экендигин анын эсине салды. Андан кийин Шаршеев Рузибоевди жекече күрөшүүнун каалаган түрүнүн эрежелери  боюнча мелдешке чакырды. 

Түйүндүн башка колдонуучулары өзбекстандык спортсменден кечирим суроону талап кылышты.

Кийнчерээк Нурсултан Рузибоев өзүнүн видокайрылуусун алып салган. 

Ал арада, Ош облустук ИИБнан Vesti.kg сайтына жарыяланган видеокайрылуу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталгандыгын кабарлашты.  

- Өткөндө Нурсултан Рузибоев өзүнүн  Instagram-каналында диндер аралык жана аймактык жаңжалды козутуу боюнча чагымчыл мүнөздөгү чакырыктар менен  кайрылуу жарыялаган, - дешти ал жактан. - Аталган факты КББРине катталган. (Расалык, этникалык, улуттук, дин жана аймактар аралык жек көрүүнү (бөлүштүрүүнү) козутуу боюнча КР ККнин 313-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган. 

Тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында спорттук иш-чараны уюштуруучуларды - Жаныбек Полотов менен Физкультура жана спорт боюнча райондук комитетинин инструктору Заирбек Эшмаматовдор чакырылган. 

Аны менен бирге, милициядан белгилешкендей, Рузибоев Өзбекстанда жашагандыгына байланыштуу, тергөө иш-чаралары Минск конвенциясына ылайык жүргүзүлөт. 

 Эки саат өтүп-өтпөй, өзбек мушкери өзүнүн баракчасында жаңы видеокайрылууну жайгаштырган, ал жерде ал мурдагы видеокайрылууну Кара-Сууда өткөрүлгөн кулатуу боюнча «WEF PROFFIGHT» эл аралык турниринде катышкандарга гана арнап жаздыргандыгына ишендирет.  

«Биринчиден, калыс биздин желекти ыргытты, сөгүнүп жана түртүп баштады. Биздин желекти ыргытууга анын кандай акысы бар? Адамдардын тобу мени токмоктогонго аракет кылышты…  Эмне үчүн алар конокторго мындай мамиле жасашты? 

Сиздер айтып жатасыздар, жаман улут болбойт, жаман адамдар бар деп. Жакшы, мен анда ал жерде болгон миңдеген  спортсмендердин кимисине кайрылайын? Менин кайрылуум мелдешке катышкан Кара-Суу районунун жашоочуларына арналган болчу. Менин мурдагы жазылган видеокайрылуумду өздөрүнө ылайыктап жасап коюшуптур, а мен болсо, Кара-Суудагы турнир тууралу айтканмын,  Кыргызстан жөнундө айткан эмесмин. Менин Кыргызстанда жашаган ага-үкөлөрүм бар, спортсмендер, алар менен менин мамилем жакшы», - деген спортсмен. (өзбек тилинен которулган, - ред. эск.).

Медина Купсулдаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх