Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанды КЭРнын курамына кошуп, картаны чийген кызматкер кызматынан бошотулду 

Тилек Токтогазиевге кечирим суроо менен расмий каттарды жөнөтүшкөн  

Жакында күнөскана бизнесинин ээси Тилек Токтогазиев, ага Астанадан Кыргызстан менен Тажикстандын КЭРдин курамына кирип калган туура эмес картаны колдонушканына байланыштуу элдин көзүнчө кечирим сураган расмий каттар келгендигин кабарлады. Бул тууралу ал Facebook социалдык түйүнүндөгү өзүнүн баракчасына жазды. 

«Борбордун кызматкери Д.Мурадов бул иш чарага жооптуу болчу, ал кызматынан алынды. 

Казакстандын ТИМнин өкүлдөрүнүн бул окуяга ыкчам мамиле кылгандыгын белгилеп кетким келет. Алар мага телефон чалышып, бул уюштуруучулардын укмуштуудай кечирилгис катасы экендигин түшүндүрүштү жана бардык күнөөлүүлөрдү жазага тарта тургандыктыктарына ишендиришти. Ошондой эле болду. Сиздерге рахмат! Кечирим кабыл алынды. 

Бирок, Кытайдын аймагында ката чийилген карталардын өндүрүшү жана таркатылышы боюнча маселе четте калып жатат.  

Экинчи жолу биздин @ Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, ошондой эле Тажик Республикасынын Тышкы иштер министрлигине мына ушундай, биздин өлкөлөрүбүздүн көз карандысыздыгын жана  аймактык бүтүндүгүн күмөндүү кылган чектен чыккан маселелерге көңүл бурушуна суранып кайрылып жатамын. 

Кыргызстан жана Тажикстан Кытай Эл Республикасынын курамына киргизилген карталарды чийген жана башка товарларды өндүргөн өндүрүшчүлөргө байланыштуу айып жазаларын төлөтүп алуу жана эл алдында кечирим  сурашын, ошондой эле ал карталар менен товарларды өндүрүштөн чыгарып салууну талап кылабыз. 

Сиздер тараптан көңүл бурууну күтөбүз!», - деп жазган Токтогазиев. (автордун орфографиясы жана пунктуациясы сакталган, - ред. эск.).

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты, кыргызстандык аял  белгилүү AliExpress соода аянтчасынан дүйнөнүн картасын сатып алган, жана ал картадан Кыргызстанды таппай калышкан. Биздин өлкөнүн аймагы Кытай Элдик Республикасынын курамына кирип калган.

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх