Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстандык мушкердин катуу айткан сөздөрүнөн кийин боло турган беттешүү, мүмкүн, Москвада болуп өтөт (видео)

Кыргызстан менен Өзбекстандын спортсмендери маселени «эркекче» чечүүнү макулдашты 

Жакында AICOL FC кыргыз мушкерлеринин клубу спортчуларга беттешүүнү уюштурууну сунуштады. Жеңүүчү 10 миң доллар алышы мүмкүн. 

Ал арада Дастан Али Шаршеев жана Нурсултан Рузибоев социалдык түйүндөрдө бири бирине сөз айтканга жетишишти. 

Белгилеп кетсек, Нурсултан Рузибоев кыргызстандык мушкердин чакырыгын кабыл алды. Андан кийин Шаршеев айтты: «Нурсултан, кел катындарга окшоп сөгүшпөйлү. Маселени эркекче чечели». 

Кыргызстандык кикбоксер  Vesti.kg сайтына, Рузибоев менен боло турган беттешүү, мүмкүн, Москвада өтөт деп кабарлады. 

Эсиңиздерге салабыз, мурдараак Vesti.kg сайты «WEF PROFFIGHT» кулатуу боюнча эл аралык турнири Ош облусунун Кара-Суу шаарында 18-августа өткөрүлгөн, анда өзбекстандык мушкер Нурсултан Рузибоев жеңүүчүнүн наамы кыргызстандык мукерге ыйгарылгандыгына байланыштуу өтө катуу таарынган. Беттешүүдөн кийин ал  Instagram  социалдык түйүнүндө туз эфирден ачуулангандыгын билдирүү менен: «Алар-үйүр сыяктуу, керек болсо өздөрүнүн президентин камакка алышты. А милицияны болсо, эчтекеге теңешпейт» деп кошумчалагын билдирген. 

Буларга кыргыз кикбоксеру Дастан Али Шаршеев жооп кылып, өзбекстандык мушкерди күрөшүүнүн жеке түрлөрүнүн бардык эрежелери боюнча беттешүүгө чакырган. 

Ош облустук ИИБгы Нурсултан Рузибаевдин сөздөрүнөн кийин сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Мушкердин өзү болсо, анын видеосу жалпы кыргызстандыктарга эмес, болгону Кара-Суудагы «WEF PROFFIGHT» кулатуу боюнча эл аралык турниринин катышуучуларына гана арналгандыгына ишендирет. 

Медина Купсулдаева

Фото www







Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх