Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Турганбаев: Менде, менин балдарымда жана инилеримде акчалары бар. Биз ачка калган адамдардан эмеспиз 

ЖАМКнын башчысы спорттук аянтчаны кайдагы каражаттарга кургансыз деген суроого түшүндүрмө берди, ошондой эле өзүнүн айылында мончо менен дагы бир спорттук залды курууну пландаштырып жаткандыгын кошумчалады 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик  кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында спорттук аянча куруп берди. Бул тууралу Vesti.kg сайтына окурмандар кабарлашкан, алардын ичинен кээ бирөөлөрү ЖАМКтын башчысы кайсы акчасына аталган спорттук  аянтчаны тургузгандыгына кызыгышкан. 

- Менин досум - бизнесмен  менен кичи -футбол аянтчасын курдук, - деп тастыктады Vesti.kg сайтына Мелис Турганбаевдин өзү. - Ал заманбап европалык стилге ыңгайлаштырылган. Эгер кимдир - бирөөлөрдү менин капчыгым кызыктырып жатса - менде акча бар. Балдарым, инилерим, туугандарым жетишерлик камсыздалгандар. Алар бизнес менен алектенишет. Биз эми ачка калган адамдардан эмеспиз. Булар мамлекеттин каражаттары эмес. Биз досум экөөбүз аянтчаны өзүбүздүн акчага курдук. Эмне, бул жаман бекен? Душмандарым, менимче уктай албай жатышат. Айылда болсо, элдер сүйүнүп жатышат. Мен дайыма айылдаштарыма жардам берип келемин. Өткөн жылы аларга трансформатор алып бергенмин. Өзүм төрөлгөн айылыма жардам көрсөтүшүм керек. Биз аларга дагы мончо менен спортзал куруп берүүнү пландап жатабыз. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх