Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда азыркыга чейин Бакиев көчөсү бар

Мэриядан бул көчөнүн аталышы Курманбек Бакиев өлкөнү башкарган мезгилден бери эле коюлгандыгын түшүндүрүштү 

Vesti.kg сайтынын редакциясына окурмандарыбыздын бири Жалал-Абадды кыдырып жүрүп, аны шаардын көчөлөрүнүн биринин аталышы - Бакиев атындагы көчө таң калтыргандыгын кабарлаган. 

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын маалымат кызматы  Vesti.kg сайтына, аларда ошондой аталыштагы көчө бар экендигин тастыктады. 

- Көчө Жусуп Бакиевдин урматына аталган, - дешти ал жактан. - Аны Курманбек Бакиевдин башкаруу мезгилинде ошентип аташкан.

Ошентип, бул көчө көптөгөн жылдардан бери кулатылган президенттин агасынын атын алып жүрөт. 

Эске салсак, Бакиевдердин үй-бүлөсүндө экинчи чоң баласы болгон Жусуп Бакиев, өз убагында депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы, андан кийин Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Республикалык фонддун президенти болгон. 2005-жылы Бакиев Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапккер болот. 2005-жылдын жайында президентикке талапкер Курманбек Бакиевдин Оштогу аймактык штабын жетектеген.

Жусуп Бакиев 2006-жылдын февралынын 20нан 21не караган түнү, оорусуна байланыштуу дүйнө салган. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх