Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ильзат Ахметов «ЦСКА» үчүн алгачкы голун киргизди

Кыргызстанда туулган оюнчу москвалык клубдун Туланын «Арсеналы» менен беттешкен оюнунда эсепти теңей алган

Ильзат Ахметов Орусия чемпионатынын 8-турундагы оюнда «Арсеналга» каршы оюнда алгачкы голун киргизгенин «Спорт-экспресс» маалымдады.

Ахметов оюндун 17-мүнөтүндө каршылаштарынын дарбазасына топту киргизе алган.

Бул кыргыз жеринде туулуп өскөн футболчунун Москванын «ЦСКА» клубунун расмий матчтарында киргизген алгачкы голу болду. Ал топко атаандашынан биринчи жетип барып, дарбазанын оң бурчуна топту киргизе тепкен. Бул анын командасынын оюндагы алгачкы тобу эле. Муну менен оюндун эсебин 1:1 эсебинде теңей алган. 88-мүнөттө Ахметовду жаракатынан улам башка оюнчу алмаштырган.

Жыйынтыкта «ЦСКА» «Арсеналды» 2:1 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, бул матч Ильзат Ахметовдун «ЦСКАнын» курамында ойногон 38-оюну болду.
Эскерте кетсек, Ильзат Ахметов 2018-жылдын июль айынан тарта келишим боюнча Москванын «ЦСКА» клубунда ойнойт. Мындан кийин ал Орусиянын курама тобуна чакыруу алган.
Муну менен бирге ал Орусиянын «Биринчи бешилик» улуттук сыйлыгына да ээ болгон. УЕФАнын рейтингинде ал келечегинен көптү үмүттөндүргөн 50 жаш оюнчунун катарына кирет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх