Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илим Карыпбеков Владимир Путинден кол саатын сурады (видео)

 КТРКнын мурдагы башчысы РФнын Кыргызстандагы элчилиги менен кызматташууга даяр экенин ырастады

КТРКнын экс-гендиректору Илим Карыпбеков 1-сентябрда Владимир Путин атындагы чокуга чыгып, Орусиянын президентине кайрылды. Ал өз кайрылуусун Facebook социалдык тармагына жайгаштырган.

«Владимир Владимирович, саламатсызбы. Менин атым Илим. Мен Кыргызстананданмын. Азыркы учурда сиздин атыңыздан коюлган чокуда турам. Чоку деңиз деңгээлинен 4 4450 метр жогоруда. Бүгүн, 1-сентябрь- билим күнүндө менден сизге төмөнкүдөй сунуш: мен сиздин атыңыздан Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасы көрсөткөн каалаган мектепти санариптештирип берейин.Сиз мунун ордуна мага кол саатыңызды белекке бере аласызбы? Анткени, мен бул жакка чыккыча, саатымды сындырып алдым. Биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы достуктун чыңалышына тилектешмин. Мен Интернеттин күчүнө, сиздин бул видеону көрүшүңүзгө чын дилден ишенем », - деди Карыпбеков өз кайрылуусунда.

Ал ортодо Карыпбеков Vesti.kg сайтына РФнын Кыргызстандагы элчилиги менен чын эле иштешүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх