Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарындык окуучулар контейнерлерде билим алышат (сүрөт)

 Социалдык тармактардын колдонуучулары айылдык мектептин салтанаттуу ачылышын шылдың катары кабыл алышты

Нарын облусундагы Кеңеш айылынын кичинекей жашоочулары контейнерлерде билим алышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Маалым болгондой, эски мектептин имараты учурда авариялык абалда. Контейнерлерде суук түшкөнгө чейин бардыгы болуп 160 бала окумакчы. Кышында балдардын билим алуусу үчүн башка имарат караштырылат.
Мектептин салтанаттуу ачылышында жергиликтүү аткаминерлер катышкан. Социалдык тармактын колдонуучулары аларды катуу сынга алышты.
«Ачып атканы контейнер мектеп. Барганы беш чиновник. Кой союшса деле таң калбайм», - деп жазган «Азаттыктын» журналисти Токтосун Шамбетов.

Фейсбуктун дагы бир колдонуучусу Дайырбек Арунов «бул ааламдан озуп чыккан жаңы технологиялар да, мындайга башка мамлекеттер кийинки кылымда гана жетишсе керек» деп какшыкка салды.

 

 

Гулиза Чудубаева
Фото www

 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх