Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол кырсыгынын күнөөкөрү: «Мен Садыр Жапаровго уул болуп бергенге даярмын, келинчегим ага келин болсун» (видео)

Ал экс-депутаттын үй-бүлөсүнө ыйлатарлык видео жазып жөнөткөн

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров каза тапкан жол кырсыгынын күнөөкөрү саясатчынын үй-бөлөсүнөн кечирим сурап, өмүрүнүн акырына чейин алардын астында күнөөлүү болуп өтөөрүн, ал тургай аларга уул болуп берүүгө даяр экенин билдирди.

Дастан Садыр уулунун мотоцикли урунган автоунааны башкарган Эрмектин кайрылуусу бүгүн YouTube порталында пайда болгон.

Ал Жапаровдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, кечирим алганы үчүн ыраазычылыгын билдирген.
«Мен дары, продукты алууга үйдөн чыккан элем, кырсык болуп кетти. Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнө мени кечиргендери жана бир да жаман сөз айтпагандарына чоң рахмат», - деген ал.

Мындан сырткары, Садыр Жапаровдун уулу болуп берүүгө даяр экендигин дагы билдирген.
«Мен уул болуп берүүгө даярмын, келинчегим келин, кызым небере болуп берсин, мен алардын алдында түбөлүк карызмын», -дейт Эрмек.

Эскерте кетсек, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 22-августунда орун алган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх