Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МГУнун Кыргызстандагы филиалы биринчи студенттерди 2020-жылы кабыл алат

Окуу жайдын кайсы шаарда орун алары талкууланууда: орус тарап Ошту жактырууда, борбор калааны деле вариант катары карашууда

2020-жылы Москванын мамлекеттик университетинин Кыргызстандагы филиалы алгачкы абитуриенттерге эшигин ачат. Учурда болсо КРнын өкмөтү менен МГУнун жетекчилиги биздин өлкөдө жаңы жогорку окуу жайынын ачуу маселелерин талкуулап жатат, - деп билдиришти КРнын Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматында.

-Биринчи маселе - университеттин жайгашышы, - деди басма сөз катчы Марина Гречанная. - МГУ ОШту жактырып жатканын билдирди, бирок, башка варианттарды дагы, мисалы Бишкекти да карашууда. Ошондой эле имарат маселесин да чечүү керек, анткени, айрым техникалык талаптар жок эмес.
Эмгек маяна туурасындагы суроо да маанилүү: эгерде москвалык окутуучулар эмгектенсе, анда алардын айлык акысы Орусиянын борбор калаасынын деңгээлинде болушу шарт. Мындан сырткары, ушундай эле маянаны жергиликтүү мугалимдер дагы алат. Өкмөт белгилүү окуу жайдын филиалынын каржылоо маселесин чечип бериши зарыл. _-

-Университет толугу менен Кыргызстан тарабынан каржыланат, - деп белгиледи басма сөз катчы. - МГУ бизге окутуучуларын жана окуу программасын берет. Таджикистанда, мисалы студенттер дипломдук ишин жактоо үчүн Москвага акысыз барып келгенге мүмкүндүктөрү бар.
Ушул жана башка жагдайлар туурасында КРнын билим берүү министри Гүлмира Кудайбердибева менен МГУнун ректору Виктор Садовничийдин ортосунда өткөн жолугушууда сөз кылынды.
Окуу жайдын Кыргызстандагы бөлүмдөрүндө Москва мамлекеттик университетинин сырттагы филиалдары үчүн стандарттык топтоп - математика, геология жана орус тили факультеттеринин ачылышы күтүлүүдө. Бирок, бул акыркы вариант али макулдашыла элек.

Окуу жайдын жетекчилигинин маалыматтары боюнча 2010-жылы 60-90 абитуриент кабыл алынат.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх