Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик жаран 10 жылдан бери милицияда тарабынан изделип жатканын кокустан билип калган

Милиция бөлүмүнө өзү келген майып адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген

Бишкектик жаранды 10 жыл мурдакы мушташ үчүн убактылуу жайга киргизип коюшкан. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысынын аппараты маалымдады.

Мекемеде такташкандай, үстүбүздөгү жылдын 28-августунда акыйкатчынын коомдук кабылдамасына аял киши кайрылып, көрүүсү боюнча азиз инисине жардам көрсөтүүнү суранган. Анын айтымында инисин Биринчи май районунун тергөөчүлөрү убактылуу жайга киргизип салышкан.

Белгилүү болгондой, ага жанан анын бир тууганына каршы 10 жыл мурда бейбаштык (группалык мушташка катышуу) боюнча кылмыш иши козголгон экен, ал маалда бир туугандардын жашы 18ге да жете элек болчу.

- Тергөөчүлөр, бирок, белгисиз себептерден шектүүлөрдү каттоого турган жерлеринен таба алышкан эмес, - деп маалымдашты акыйкатчынын аппаратында. Андыктан, 2009-жылдын ноябрында соттун токтому менен өспүрүмдөр издөөгө алынган. Бир тууганы экөө издөөдө экенин ал 2019-жылдын август айында гана МККнын бөлүмүнө агасынын каза тапканынан кийин кайрылып жатып билген. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн бул адам өзү РИИБге кайрылып, ошол жерден кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Акыйкатчынын аппарат кызматкерлерлери тийиштүү органдарга кат жөнөтүшүп, анда бөгөт чара кароодо шектүүнүн статусун (көрүүсү боюнча майып) эске алууну өтүнүшкөн. Бир жумадан кийин Бишкек шаардык соту шектүүнү сот залынан камактан чыгарган.


фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх