Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда майыптыкты аныктоо: «Кол же бут кайра өсүп чыкпайт»

 Дастан Бекешевдин майыптыкты коюнун мөөнөттөрүн узартуу туурасындагы идеясы туура деп табылууда

Бюрократияны токтотуп, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан жыл сайын майыптыгын кайрадан далилдеп туруу зарылдыгын жоюну депутат Дастан Бекешев сунуш калды. Бул тууралуу ал Твиттер тармагында жазган.

«Жумушчу топко майыптыкты коюу мөөнөтүн узартууну сунуштайм, - деди эл өкүлү. - -Өлкөгө акчасын, ал эми жарандарга өз убактысын кетиргендин эмне кереги бар? Биз кедей мамлекетпиз, бюрократияны токтотуш керек деп ачык эле айтып жатам».

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргызстандын жарандары (аскер, милиция кызматкерлери да) II жана III топтогу майыптыкты жыл сайын, ал эми I топтогулар эки жылда бир тастыктап турууга мажбур.

Буга болгону Чернобыль атомдук электростанциясындагы кырсыкта же башка жарандык же аскердик багыттагы объекттерде,ошондой эле ядердик куралды сыноо учурунда жабыркагандар кирбейт. Радиянын кесепетинен жабыр тарткан аларга I топтогу майыптык чектелбеген мөөнөткө коюлат, II жана III группа 5 жылдык мөөнөткө аныкталат.
Комиссиядан өтүү үчүн нечендеген документтерди чогултуш керек.

Help the Children – SKD кайрымдуулук фондунун президенти Елена Конева Дастан Бекешевдин демилгесин колдоого алып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бул маселени эчактан бери көтөрүп келишкенин эске салды.

- Кол же бут кайра өсүп чыкпайт да, инсулинге көз каранды кант диабетин да азырынча айыктыруунун жолу табыла элек, - деди ал Vesti.kg сайтына.

Конева инстанцияларды ар бир кыдырып чыгуу физикалык дагы, руханий дагы көптөгөн күчтү алып коерун кошумчалады. Узун кезектерде турууга мажбур болгон мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар «дени сак» бейтаптар тарабынан да орой, түшүнбөстүк мамилелерине дуушар болгон учурлар көп кездешет.

- Ушул жылы мен бир ай балдак менен жүрүүгө мажбур болдум, мен ар бир кадамымды, ар бир тепкич менен аңгыл-дөңгүлдөрдү сезип жаттым. - Сейил бакта күчүгүмдү жетелеп сейилдесем, тоого досторум менен чыгып эс алсам кандай сонун болоор эле деген ойлор келди мага. Бул убактылуу эле кыйынчылык экени мени жоошутуп жатты. Ал эми турмуштун сыноосу менен мындай абалга түшкөн адамдар ушинтип өмүр бою жашашат. Бул кишилер күн сайын эрктеринин күчтүүлүгү менен, жашоону сүйүп жашай билгендиги менен эрдик жасашат!


Күн сайын майыптар менен иштеп, алардын көйгөйлөрүн ичинен билген «Полиграфия ЛОВЗ Print» долбоорунун жетекчиси Николай Лучкин дагы Бекешевдин оюна толугу менен кошулат.


- Ал эмес майыптыкты бир жолу - фөмүрүнүн акырына чейин коюп койсо болот, - деп кошумчалады ал Vesti.kg сайтына. – Түрүнө жараша, албетте.

Медициналык көз караш жагын алсак, медицина илимдеринин доктору, профессор Талгат Осмонов дагы ушундай эле ойдо экенин билдирди.

- Кесилген бут кайра өсүп чыкпайт, - деди ал. Кайра күбөлөндүрүүнү жок дегенде 5 жылда бир өткөрүп туруу керек. Айрым учурда майыптыкты өмүр бою орнотуп коюу деле мүмкүн.

Айыккыс ооруга чалдыккандарга же дене мүчөсүнүн жоктугуна байланыштуу адамдарга өмүр бою майыптыкты аныктоо маселесин өкмөттө көтөрүлүү тийиш. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутат Махабат Мавлянова билдирди («Республика – Ата-Журт»).

- Шайлоочулар бул маселе боюнча жолугушууларда көп кайрылышат, - деп белгиледи ал. -Мен муну туура деп эсептейм. Кол же бут кайра өсүп чыкпайт, мындай майыпка бир жолу справка берип, башка тынчын албаш керек.


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх