Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы: Биз мектеп окуучуларын жол жүрүү билеттерин алууга мажбурлаган жокпуз

Электрондук билет долбооруна алгачкы арыз түштү

Бишкек мэриясы шаардык мектептердин окуучуларын жол жүрүү билеттерин алууга мажбурлап, макул болбогон балдар директордун атына түшүнүк кат жазышууда. Бул тууралуу социалдык тармактарда бишкектик айым жазган.

«Эгерде ата-эне жол жүрүү билетин алгысы келбесе, класс жетекчисинин айтымында, мектеп директорунун атына түшүнүк кат жазышы керек экен. Мугалимдер электрондук төлөм тутумунун алкагында маалымат базасын толтуруу үчүн шашып-бушуп балдарды сүрөткө тартып жатышат. Ал маалыматтардын коопсуздугун бирөө ойлодубу? Бир айдан кийин Бишкектин мэриясы бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырдык деп жарыя кылат. Сатылган билеттердин жарымы жөө жүргөн мектеп окуучуларынын сумкасында чаң басып жата берет», - деп жазган ал.

Мындан сырткары, билдирүүнүн автору анын балдары мектепке жакын жашагандыктан коомдук транспорт менен колдонушпаарын жазган.

Бул тургундун билдирүүсүн мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев четке5 какты.

- Электрондук төлөм тутумун биз үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта ишке берүүдөбүз, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайтына. - Бирок, мэрия эч кимди электрондук билет сатып алууга мажбурлап жаткан жок. Түшүнүк кат боюнча биз текшерип, маселени чечебиз. Бул мыйзамсыз. Бишкектиктер аларды өз каалоосу менен гана алат.

Эске салсак, мектеп окуучулары үчүн бир айлык жол жүрүү билетинин баасы 175 сомду түзөт.

Карта троллейбустар менен автобустарда колдонулат.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх