Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө мугалимдерден акча чогултушканбы?

Билим берүү министрлиги бул маалыматты четке кагууда

Социалдык тармактын колдонуучусу Ольга Хейлига Кара-Буура районунда мугалимдерден Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө акча чогултулган деген сөздөр жүрүп жатканын жазып чыкты.

«Суроону кимге узатуу керектигин дагы билбейм - билим берүү министрлигинеби, финансы министрлигинеби же салык кызматынабы.. Жакында эле Талас облусунда көчмөндөр оюну өттү, албетте,Талас облусу жеңишке жетти. Мунун бардыгы, албетте жакшы, спортту дагы өнүктүрүү керек, бирок, эмнеге мунун бардыгы бюджет кызматкерлеринин эсебинен болушу керек?, - деп жазган публикациянын автору. - Кара-буура районундагы мугалимдердин айлыгынан оюндарты өткөрүүгө 100 сомдон алыныптыр. Көп деле акча эмес, бирок! Биринчиден, бул алардын макулдугусуз жасалган, экинчиден, бул бир эле райондо эмес, бүтүндөй облус боюнча чогултулбаганына күмөнүм чоң… Мугалимдер эле эмес, дарыгерлер да катышкан болушу мүмкүн, - алар деле өтө чакан эмгек маянасы менен көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө бөлүшпөй коюдан уялышты да ».

Билим берүү жана илим министрлиги аталган факт боюнча Vesti.kg сайтына мугалимдер сентябрь айы үчүн маяналарын алыша электигин маалымдады.

- Кара-Буура районуна эмгек маяна үчүн акча каражаты азырынча которула элек, - деп түшүндүрүштү мекемеде. Демек, мугалимдердин маянасынан кандайдыр-бир каражат алынганы тууралуу айтууга болбойт.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх