Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мугалим текшергенден кийинки кызынын текстинен Бишкектин тургуну 4 ката тапкан (сүрөт)

 Ал Билим берүү министрлигинен шаардык мугалимдерди аттестациядан өткөрүүнү суранды

6-класста окуган окуучу кыздын энеси мугалим текшергенден кийин кызынын дептеринен 4 ката таап алган. Тиешелүү сүрөт Facebook социалдык тармагында жарыяланган.

Публикациянын автору дептер № 70- мектеп гимназиясынын 6-классынын окуучусуна таандык экенин жазган.

«Билим берүү министрлигине тез арада Бишкек шаарындагы мугалимдер арасында профессионалдык жарамдуулукка аттестация өткөрүүнү сунуштайм!

Бүгүн 70-гимназиянын 6-классынын орус тили боюнча дептерин текшерип жатып, төрт ката таптым. Мугалим текшерип, баа койгондон кийин. Ал аз келгенсип, мугалим оңдоо учурунда да өзү ката кетирген. Жыйырма үчүнчү сентябрды чогуу жазып койгон. Кыз мугалим доскада ушинтип жазат дейт.

Кайда баратабыз? Биздин балдарыбызга «билимди» ким берип жатат? Жакамды кармандым, менин оңдогондорум калем менен белгиленген», - деп жазган автор.

 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх