Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы Мамлекеттик тил күнүнө канча акча каражаты сарпталганын билбейт

Улуттук комиссияда дагы буга жооп бере алган жок

Бишкек мэриясы КРнын Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чараларга канча акча бөлүнгөндүгү тууралуу айта алышкан жок.

Борбор калаанын муниципалитети бул суроо менен мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияга кайрылуубузду суранышты. Комиссиянын кабылдамасында бул суроого бухгалтер жооп берет деди эле, андан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бир аз убакыттан соң, кабылдама бизге расмий билдирүү менен кайрылуубуз керектигин уктук.

- Расмий билдирүү менен кайрылуу керек, андан кийин биз бир айдын ичинде жооп беребиз, - дешти мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияда.

Эске салсак, ушул жылы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл толду. Буга утурлай, Бишкекте майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх