Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу: Президент берген конвертти али ачып көрө элекмин

Сооронбай Жээнбеков аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпионуна 3 бөлмөлүү батир, ал эми анын машыктыруучусуна акчалай сыйлык тартуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага Бишкектин чок ортосунан 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков маалымдады.


Эске салсак, Тыныбекова аялдар күрөшү боюнча чемпиондук наамын жеңип алган.
- Бүгүн 11:00дө биздин өлкө башчы кабыл алды, - депди машыктыруучу. Жолугушууга мен, Айсулуу жана анын ата-энеси катыштык. Сооронбай Жээнбеков Тыныбекованы жеңиши менен куттуктап, 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.


Муну менен бирге Изабеков президент спортчунун ата-энесине энчилүү сааттарды, ага болсо акчалай сыйлык тапшырганын кошумчалады.
- Канча сумма экенин азырынча билбейм, конвертти ача элекмин, - деди ал.


Ал ортодо Айсулуу Тыныбекова жаңы батиринде түшкөн сүрөт менен интернетте бөлүштү.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх