Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар Андрей Малаховдун кечирим сурашын талап кылышууда (видео)

 КРнын жарандары белгилүү журналисттин сөздөрүн сынга алышты

Жакында эле «Россия 1» каналында резонанс жараткан жол кырсыгына арналган Андрей Малаховдун «Прямой эфир» программасынын чыгарылышы болуп өткөн. Июлдун 7синен 8ине караган түнү Москва шаарынын Фрунзе жээк жолунда мотоцикл менен такси унаасы сүзүшкөн. Мотоциклди айдап бара жаткан орус миллиардери Владимир Маруговдун уулу Александр кырсыктан каза тапкан. Такси унаасын кыргызстандык 23 жаштагы Исламбек Акбаров башкарып бара жатканы белгилүү болгон.

Берүүнү көргөн көптөгөн кыргызстандыктар алып баруучунун миллиардердин баласын «атайлап» сүзгөндүгүнө басым кылып жатканын байкашкан.

Маркум Александрдын апасы отургандарга Акбаровго кек сактабасын, РФдагы КРнын элчилигинин жана кыргызстандык айдоочунун үй-бүлөсүнүн кечиримдерин кабыл алганын билдирген.

Ал эми, Малахов бир нече жолу таксист - көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан чет өлкөлүк экенин кайталаган. Журналистти Кыргызстандык айдоочуда анын кызыкчылыктарын коргогон жактоочусу бардыгына таң калган.

«Көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан бала, жаңы эле «автослесарь» адистиги боюнча окууну бүтүргөн. Москвада иштегенине болгону бир жыл болгон. Ага чейин Крымда сантехник болуп иштеген. Эми айдоочу болууну чечет. Кырсыктан кийин ага укмуш адвокат табылат, элчилик жардам кылууда. Москвадагы бардык эле кыргызстандык айдоочулардын жактоочулары бар деп ойлобойм. Көп балалуу үй-бүлөдөн келген бала. Биз ал эки туташ сызыктан бурулуп, Александрды сүзүш үчүн күтүп турганын көрүп жатабыз», - деген Андрей Малахов.

Андан кийин журналист кыргызстандыкты бүтүндөй айылын каржылай алган «жашабагыр» деп атаган.

«Рулда башка өлкөдөн келип, таксиде иштегинине бир-эки ай эле болгон кайдагы бир жашабагыр. Ага 100 миң доллар берип койчу, мынча акча анын үй-бүлөсүн, айылын, бардык туугандарын бактылуу кылып жиберсин, мындай акчаны алар айлык 10 доллар болгон жерде өмүрүнүн акырына чейин иштешсе да таба албастыр», - деген Малахов.

Теле-берүүнүн аягында алып баруучу талкууга алынган бул темага 10 жылдан кийин кайра кайтып, таксисттин жашоосунун канчалык өзгөргөнүн байкоону сунуштаган
«Менин версиям: 10 жылдан кийин силердин айдоочунун үй-бүлөсү кандай жашаарын көрүү. Алар кантип үй, батир,машине алгандарын көрөлүк. Анан бул темага 10 жылдан кийин кайра кайталык.

Ал ортодо интернет тармагынын колдонуучулары белгилүү алып баруучунун катуу сынга ала башташты.

Алардын арасында Жол патрулдук милициясынын мурдагы башчысы Зумрат Жанабаева да бар.

«Ары жок, кечирим сурасын», - деп жазган ал.

Фото www

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх