Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз тили боюнча окуу китебинин 16-барагынан кийин 33-барак басылып калган (фото)

Анын ээси китептин жапжаңы экенин, барактары айрылбаганын айтат

Акыркы убакытта кыргызстандыктардын мектептердеги окуу китептердин сапатына нааразычылыктары көбөйүүдө. Бир китепте текст аягынан башына карай басылып калган болсо, башкасынын форзацындагы Кыргызстандын гимнин ката менен жазып коюшкан. Дагы бир китепте болсо, эмнегедир балдарга келиндин кайненесине жасаган орой мамилесин баяндап берүүнү чечишкен.

Бул ирет жакында эле 4-класстын окуучулары үчүн басылып чыккан «Кыргыз тили жана окуу» китебинин барактары чаташып калган. Бул тууралуу Vesti.kg окурманыбыз маалымдады.

- Бул жылы да бизде кыргыз тили китеби боюнча нааразычылыгыбыз бар, - деди окурман. Мисалы, китептин он алтынчы барагынан кийин отуз үчүнчү барак кетет экен. Китеп жаңы, барактары айрылган эмес. Кайда кайрылуу керек?


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх