Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКККББнын аталышын чечмелей албай койгон автоинспекторго эскертүү жарыяланды

ЖККнын батальонунун ага инспекторлору менен взвод командирине нормативдик актылар боюнча кошумча сабактарды өткөрүү тапшырмасы берилди

КРнын ИИМнин ЖКККББнын кызматкери өзү иштеген мекеменин аталышын туура чечмелей албай койгону тууралуу интернетте жарыяланган видео боюнча кызматтык тергөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, тасманын «каарманы» - автоинспектор Имакеев Урмат Казаковичке эскертүү берилди.


Жол кайгуул кызматынын батальонунун ага инспекторлору менен взвод командирине карамагындагы жеке курамга нормативдик актылар боюнча кошумча сабактарды өткөрүү тапшырмасы берилгени маалымдалды.


Эске салсак, буга чейин Vesti.kg шаардык автоинспектор айдоочу менен сүйлөшүп жатып, ЖКККББнын орусча аббревиатурасын чечмелей албай койгонун жазган эле.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх