Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов менен ЖК депутаты Мирлан Жээнчороев Москвага учуп кетишти

Президенттикке экс-талапкер Кыргызстандан канча убакытка кеткени белгисиз

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Москвага учуп кетишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына президенттикке мурдагы талапкердин үзөңгүлөштөрү маалымдады.


- Эмне максат менен жана канча убакытка кеткени белгисиз. Бирок, ал парламенттин депутаты Мирлан Жээнчороев менен кетти, - дешти Бабановдун санаалаштары. 


Ал ортодо ЖКнын депутаты Руслан Казакбаев партиянын лидери өлкөнүн аймагынан чыгып, кайра кире аларын белгиледи.
- Анын учуп кеткенинде мыйзамсыз эч нерсе жок. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган эмес, - деди эл өкүлү Vesti.kg сайтына.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх