Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эмнеге троллейбус жана автобус айдоочулары «коопсуздук куру» үчүн жазаланышпайт?»

 ЖКККББ коомдук транспорттун айдоочулары башкалар өңдүү эле коопсуздук курун тагынышы керектигин такташты

Vesti.kg редакциясына бир ай мурда окурманыбыз кайрылып, эмнеге коопсуздук курун тагынбаган троллейбус, автобус, маршруттук такси айдоочуларына айыппул салынбайт деген суроосун узаткан.

«Менин байкашымча коомдук транспорттордун айдоочуларынын 95 пайызы кур тагынбайт, - деп жазган окурман. Эмнеге ЖКККББ аларды айыппулга жыкпайт деген суроо мени кызыктырат».

Vesti.kg дароо эле ИИМнин ЖКККББна бул суроо менен кайрылган. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаев анда дароо бул сурообузга жооп бере албай, бирок «тийиштүү бөлүмгө» кайрыларын айтып, ишендирген эле. Бир айдан кийин Исаев жол кыймылынын эрежелерине ылайык, коомдук транспорт айдоочулары коопсуздук курун тагынууга милдеттүү экенин айтып, жооп берди.

- Жол кыймыл эрежелерине ылайык, окуу-транспорттук каражатын айдап бараткан инструкторлор кур тагынбай эле койсо болот, - деди Исаев. - Калган бардык учурда, айдоочулар коопсуздук курун тагынууга милдеттүү. Бул эрежени бузган айдоочуларга протокол түзүлүп, айыппул чегерилет. Мыйзам алдында баары бирдей бизде.

Андан кийин Исаев 30 мүнөттүн ичинде коомдук транспорт айдоочуларынын канчасына жыл башынан бери «кур үчүн» айыппул салынгандыгы тууралуу статистиканы көрсөтүүнү убадалаган. Бирок, андан соң ЖКККББнын басма сөз кызматынын өкүлүнөн бул маалыматты алууга кайра мүмкүн болбой калды.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх