Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Малахов - биздин баатыр эмес». РФнын элчилиги алып баруучунун кыргызстандыктарды кемсинткен сөздөрүн сынга алды

Элчилик Андрей Малаховдун сөздөрү боюнча үн катты

Малахов - биздин баатыр эмес. «Прямой эфир» телеберүүсү учурунда алып баруучу Андрей Малаховдун айткандары боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги ушундай пикирин билдирди.

«Малахов - биздин баатыр эмес. Алып баруучу А. Малаховдун айткандары боюнча бир гана сөз айтса болот: адамдаы капа кылуу оңой, бирок, аны менен жашоо кыйын. Бүтүндөй элди кемсинтүү ого бетер жаман...», - деп жазылган элчиликтин Facebook социалдык тармагындагы баракчасында.

ЖКнын депутаты Эльвира Сурабалдиева РФнын КРдагы элчилигин кыргызстандыктарга көрсөткөн урматы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Бизге, кыргызстандыктарга көрсөткөн урматыңар менен түшүнүгүңүздөргө рахмат. Ооба, бир адам бүтүндөй бир улуттун күзгүсү эмес, бирок, бул жерде сөз эл арасындагы белгилүү, масс медиа, ТВ аркылуу көпчүлүктүн оюна таасир бере алчу алып баруучу жөнүндө болуп жатпайбы», - деп жазган эл өкүлү.

Эске салсак, жакында эле «Россия 1» каналында Андрей Малаховдун резонанс жараткан жол кырсыгына арналган кезектеги телеберүүсү жарык көргөн.
Малаховдун берүүдө кыргызстандык айдоочу Ислам Акбаровду кылмышка күнөөлөп, аны мени кошо «10 долларга» иштешет деп бүтүндөй кыргыз элин кемсинткенин кыргызстандыктар катуу сынга алышкан.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх