Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Журналист Элнура Молдокадырова АКШда жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп орношту (видео)

КСДПнын жаштар канатынын мурдагы лидеринин жубайы чет өлкөдөгү жаңы жумушу тууралуу баяндап берди

Өмүрлүк жолдошу менен башпаанек алып, Кыргызстандан чыгып кетен журналист Эльнура Молдокадырова АКШда жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп орношту. Бул тууралуу ал өзүнүн Youtube каналында айтып берген.

Молдокадырова Чикагодо алгач такси кызматында иштеп, андан кийин жүк ташуучу унааны башкара баштаганын баяндап берген.

Баяндамасында ал жумуш күнү кандай өтөөрүн, сапарман болуп эмгектенүү кыйынбы-жокпу туурасында дагы сөз кылган.

Эске салсак, Элнура Молдокадырова өмүрлүк жолдошу, КСДПнын саясий канатынын экс-лидери Ренат Самудинов менен бирге Кыргызстандан 2017-жылы чыгып кетишкен.
Алар Кошмо штаттардын чек арасын басып өтүүгө аракет кылууда кармалышкан.

Кирүүгө уруксат берүүчү документтер аларда жок болгон. Кийин алар АКШда башпаанек сурашканы белгилүү болгон.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх