Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Моцарттын «Реквиеми» белгилүү хордун аткаруусунда Бишкекте жаңырат

Концерт 10-октябрда өтөт. Билет алууга шашылыңыздар!

Бишкекте алгачкы жолу Вольфганг Амадей Моцарттын «Реквиеми» The Osnabrück Youth Choir немис жаштар хорунун аткаруусунда жаңырат.

Өлбөс-өчпөс чыгарманы тенор Оливер Крингель, баритон Арвид Фагерфьялл, сопрано Богна Бернагевиц жана меццо-сопрано Барбара Хёфлинг сыяктуу Германия, Швеция жана Польшанын солисттери аткарат.


Башкы дирижер - Наджи Озгудж, Турция, экинчи дирижер - Орхан Гашимов, Азербайджан.

Музыканы КРнын эл артисти, дирижер Эрнис Асаналиевдин көркөм жетекчилиги астында президенттик «Манас» камера оркестри аткарат.
Концерт 10-октябрда HANGAR мультимедиялык борборунда өтөт. Билеттердин баасы 1000 сомдон 2000 сомго чейин.

Улуу композитордун акыркы чыгармасы эки жолу аткарылат: 17.00дө жана 20.00дө. Биринчи концертте 14 жашка чейинки балдар үчүн 50 пайыз арзандатуу каралган.

Маалымат жана билет алуу үчүн +996770787674/+996700342512 телефондоруна жана www.ticket.kg сайтына кайрылууга болот.

HANGAR мультимедиялык борборунун дареги - Максим Горький көчөсү, 11/3.

The Osnabrück Youth Choir деген кимдер?

The Osnabrück Youth Choir Йоханнес Рахе тарабынан (Johannes Rahe) 1974-жылы түзүлгөн. Ал көпчүлүгү Оснабрюк соборунун хорунда билим алган 60 жаш аткаруучудан турат.

Хор бүткүл дүйнө боюнча, анын ичинде Түштүк Америка, АКШ, Канада, Япония, Израиль, Гана жана Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнө гастролго чыгат.
Бүгүнкү күндө ал Европадагы эң мыкты делген хорлордун арасына кирет. Аткаруучулардын чеберчилиги көптөгөн сыйлыктарга татыган.
Наджи Озгудж – Анкаранын опера жана балет мамлекеттик театрынын дирижеру.


1993-жылы ал П.И. Чайковскийдин «Уйкудагы сулуусунун» аткарылышы үчүн TOBAVдын «Жылдын эң ийгиликтүү дирижеру» наамын алган.

 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх