Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Райым-миллиондун» жээни өзүнүн 18 жашын дүркүрөтө Hyatt мейманканасында белгиледи (видео)

Такталбаган маалыматтарга ылайык, ал Бишкектеги эң мыкты мейманкалардын биринин биринчи кабатын ижарага алган

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жээни Назик өзүнүн 18 жашын дүркүрөтө Hyatt мейманканасында белгиледи. Мындай видео интернетте пайда болгон.

Өздүк булактардын маалыматына ылайык, туулган күнүнө карата Матраимовдун бир тууган жээни Бишкектин эң айбройлуу мейманканаларынын биринин биринчи кабатын ижарага алган. Салтанатка белгилүү ырчы Мирбек Атабеков жана «Жарайт Сити» скетч-шоусунун резиденттери катышкан.



Белгилей кетсек, 18 жаштагы Назик, «Райым-миллиондун» эжесинин кызы. Жалпыга маалымдоо кызматтарында анын Өзбекстандан жүк ташуулар менен алектенгени жазылат.

Фото жана видео www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх