Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ингушетиянын экс-президенти Абдыгул Чотбаевдин уулунун үйлөнүү тоюна катышуу үчүн Бишкекке келди (фото)

КРнын Улуттук гвардиясынын мурдагы командачысы Руслан Аушев анын өмүрүн бир убакта сактап калганын эске салды. Уулунун атын да анын урматына Руслан деп койгон

Ингушетиянын мурдагы президенти Руслан Аушев запастагы генерал-полковник, КРнын Улуттук гвардиясынын биринчи командачысы Абдыгул Чотбаевдин уулунун үйлөнүү тоюна катышты.Чотбаев Vesti.kg сайтына Аушев бир убакта анын өмүрүн сактап калганын айтып берди. Ингушетиянын мурдагы президентинин урматына арнап ал уулунун атын дагы  Руслан деп койгон.

- Атайын операциялардын биринин жүрүшүндө Руслан Султанович мени сактап калган, - деди Чотбаев. Мен ал маалда бойдок болчумун. Бирок, кийин уулдуу болгондо анын урматына баламдын атын Руслан деп коюп, үйлөнүү тоюна чакырам деп убадалаган элем. Кечээ ал биздин салтанаттын кадырлуу коногу болду.

Абдыгул Абдрашитовичтин айтымында Аушев Кыргызстанга атайын тойго катышуу үчүн бир гана күнгө келген.

-Кечинде мен аны самолетко чейин узатып койдум, - деди генерал.

Эске салсак, Ингушентиянын экс-президенти Руслан Аушев - Түндүк Осетиянын баатыры: 2004-жылы ал Бесландын барымтага алынган мектебине кирип, террористтер менен сүйлөшкөн, сабаттуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында барымтадан 26 кишини сактап калууга мүмкүн болгон.


Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх