Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Жай уланат. №61 жана «Газпром Кыргызстан» мектептеринин окуучулары Ысык-Көлдө бир жума билим алып, эс алышты

 Физика, математика жана спорт жумалыгы жакында эле Ысык-Көлдүн жээгинде «Газпром Кыргызстан», Якир атындагы № 61-физика-математикалык мектеби жана башка бир катар окуу жайларынын окуучулары үчүн өткөрүлдү

Москваныны вуздарынын белгилүү окутуучуларынын жетекчили астында балдар билимин тереңдетип жана эс алып келишти. «Ысык-Көл-2019» физика-математикалык олимпиадалык мектеби туурасында Vesti.kg сайтына «Газпром Кыргызстан» мектебинин физика-математикалык багытындагы мугалими Любовь Суржик айтып берди.

Мектеп окуучулары Кыргызстандын берметинде ушуну менен бешинчи жолу чогулушту: долбоор 2014-жылы алгачкы жолу өткөрүлгөн, анда № 61-мектеп гимназиясынын бүтүрүүчүлөрү - азыр Москванын физика-техникалык институтунунун көрүнүктүү окутуучулары өз мектебин студенттерди кабыл алууга тартууну чечишкен.

Бул жылы жайкы мектеп 15-22-сентябрда Бостери айылындагы «Жетиген» эл аралык лагеринде өткөрүлдү.

Оңой эмес тандоодон 8-11-класстардын ичинен 72 алдыңкы окуучулары өткөн (11-класстардын 25 окуучу, 10-класстан 25 окуучу, 9-класстан 9 окуучу жана 8-класстан 13 окуучу).

Алардын көпчүлүгүн 61-мектептин окуучулары түздү (48 бала). Ошондой эле физика жана математикага үңүлүүгө «Газпром Кыргызстан» мектебинен 9 бала, №26-мектептен 7 окуучу, 70-гимназиядан 2 жана КРСУнун мектебинен, № 9,ю № 17 жана «Кант» авиабазасынын жалпы орто билим берүү мектебинен окуучулар келген.

- Балдар математика боюнча 10 жана физика боюнча 5 тапшырма аткаруулары керек болчу, - деди Суржик. - Алардын жазгандары бизди абдан канааттандырды.

Жайкы мектептин катышуучуларын физика жана математика боюнча деңгээлдерине жараша 3 топко бөлүшкөн. Алар күн сайын Москванын физика-техникалык институтунун (МФТИ) математиктери жана Москванын электрондук техника институнун (МЭТИ) физиктери менен 4 сабактан өтүп жатышты.

Алардын арасында физика-математика илимдеринин доктору, доцент, МЭТИнин жалпы физика кафедрасынын профессору Игорь Горбатый, физика-математика илимдеринин кандидаты, МФТИнин дискреттүү математика кафедрасынын доценти Алексей Глибичук, 61-мектептин бүтүрүүчүсү МЭТИнин жалпы физика кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин доктору Вадим Гундарев жана МФТИнин алгоритм жана программалоонун технологиялары кафедрасынын ассистенти Илья Мещерин болду.

- Балдар таза абада окуу менен алек болууга мүмкүндүк алышты. Мектепти өткөрүү үчүн балдар лагерин тандап алганыбызга биз кубанып отурабыз, - деди Любовь Степановна. – Ал жерде бардыгы балдарга арналган - спорттук аянтчалар, стол тенниси. Алар билим гана албастан, эс алып дагы келишти. Албетте, коопсуздук маселесине дагы өзгөчө көңүл бөлдүк, балдар көл жээкке атайын уруксаты жана педиатр жок барышкан жок.
Сабактардын ортосунда окуучулар теплоходдо сүзүп, Григорьев жана Семенов капчыгайларын көрүп келишти.

- Аба-ырайы да абдан жылуу болду, - деп кубанганын Суржик жашырган жок. - Экинчи күнү таңында күн суук болуп, бизден 20 км өйдө жакта кар түшкөнүн Бишкектен кабарлап жатышты. Ал эми, бир жумадан кийин биз сүйүктүү Ысык-Көлүбүздө сүзүп жаттык.

Олимпиадалык мектептин ар бир катышуучусу физика жана математика боюнча мектепте алган билимдерине кошумча 40 саат жана долбоордо катышканын ырастаган сертификатка ээ болушту.

Өзгөчө жетишкендиктерди көрсөткөн балдар атайын дипломдор тапшырылды.

Бул документ мектеп бүтүүрүчүлөрүнө МФТИ жана МЭТИне Россия менен кызматташтык квотасы боюнча тапшырууга жардам берет.

- Долбоордун максаты - балдарды физика жана математиканы окууга шыктандыруу, - деп түшүндүрдү мугалим.

Уюштуруучулар МФТИ, МЭТИ, Бишкектеги илим жана маданият борбору, «Газпром Кыргызстан» мектеби жана Якир атындагы №61-мектеп болду.

Ольга Федорчук
Фото «Газпром Кыргызстан» мектебинен

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх