×

Предупреждение

JFolder: :files: Путь ведёт не к каталогу. Путь: [ROOT]/images/pavil’on
×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: images/pavil’on
×

Ошибка

[SIGPLUS_EXCEPTION_SOURCE] Image source is expected to be a full URL or a path relative to the image base folder specified in the back-end but pavil’on is neither a URL nor a relative path to an existing file or folder.
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөттөн эмне үчүн Тыныбековага 2 батир, ал эми Муртазалиевге эч нерсе беришпегенин сурашты (видео)

Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде грэпплинг боюнча турнирдеги ийгилик менен күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатты салыштыруу туура эместигин айтышты

Кыргызстандын бийлиги айрым спортчулардын дүйнөлүк аренадагы ийгиликтерин татыктуу колдоп, эмнегедир башкалардын жеңиштерине көз жумуп коет. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагындагы өз баракчасында Кыргызстандын баскетбол жана бокс боюнча көп жолку чемпиону, КВНдин 2016-жылкы жогорку лигасында «Азия MIX» командасы менен чемпион аталган Марат Жуманалиев видео кайрылуу аркылуу билдирген.


Ал күрөш боюнча Нур-Султанда өткөн дүйнөлүк чемпионатта жеңип алган алтын медаль үчүн Айсулуу Тыныбекова мекенинде эки батирге (президенттен жана курулуш компаниялардын биринен) ээ болуп, коомчулуктун сыйына алкышына жана сыйына татыган.


«Спортчу мына ушундай мамилеге татыктуу, чынында - дейт боксчу. - Бирок, ошол эле маалда бул шаарда грэпплинг боюнча мелдеште дагы кыргызстандыктар ишеничтүү жеңишке жете алышкан. Курама команда мекенге 12ге жакын медаль менен кайткан. Эң мыкты жыйынтыкты 84 кг салмакка чейин күрөшкөн Абдурахман Муртазалиев алып келген. Эмне болду анан? Эч нерсе. Эч ким көңүл дагы бөлгөн жок».

Жуманалиевдин пикиринде спорт биздин өлкөдө бизнеске айланган. Ал калыстык үчүн бийлик Муртазалиевге жок дегенде 5 мүнөттүк көңүл бөлүп, жок дегенде бир ардак грамотасын тапшырып койсо болмок.

«Жыйынтык: мамлекетте спорт жок болот, - дейт баскетболчу. _ Анын эмне кереги бар? Жаштар үчүн эч кандай мотивация болбосо. Кийин биздикилер ар кандай спорт түрлөрүндө өздөрүн начар көрсөтүп коюшту деп айтпагыла».

Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Vesti.kg сайтына ар кандай деңгээлдеги спорттук жеңиштерди сыйлагыдай өлкөнүн акча каражаты жок экендигин айтышты.

Алар Абдурахман Муртазалиев жана башка кыргызстандыктар (командада баш-аягы 17 киши бар) Казакстанга мамлекеттин эсебинен барган эмес жана Мамлекеттик агенттикке дагы алдын ала арыз беришпегенин такташты. Грэпплинг федерациясы негизи - өкмөттүк эмес уюм жана алар көптөгөн иш-чараларга КРнын улуттук спортунун атынан тышкары катышып келишет.

Мындан сырткары, грэпплинг - олимпиадалык спорттун түрү эмес, буга дагы көңүл бөлүү керек, дешти Мамлекеттик агенттикте.

- Кыргызстанда көптөгөн спортчулар өз эсеби менен ар кандай мелдештерге катышат, - деп белгилешти мекеменин басма сөз кызматында. - Мамлекет тарабынан мындай учурда сыйлыктар каралган эмес. Айсулуу Тыныбекова менен салыштыруу туура эмес.

Эске салсак, 2019-жылдын 23-сентябрында кыргызстандык Абдурахман Муртазалиев UWW грэпплинги боюнча турнирде алтын медаль жеңип алган. Финалдык беттешүүдө ал польшалык атаандашын «үч бурчтук» ыкмасы менен утуп алган.
Мындан сырткары, биздин мекендештер Нур-Султандан 7 күмүш медалын алып келишкен.

20 -сентябрда Айсулуу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиону аталды. Ал 2016-Олимпиада оюндарында 5-орунга ээ болгон.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх