×

Предупреждение

JFolder: :files: Путь ведёт не к каталогу. Путь: [ROOT]/images/pavil’on
×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: images/pavil’on
×

Ошибка

[SIGPLUS_EXCEPTION_SOURCE] Image source is expected to be a full URL or a path relative to the image base folder specified in the back-end but pavil’on is neither a URL nor a relative path to an existing file or folder.
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвадагы ВДНХда коюлган кыргыз павильонун кейпи кыргызстандыкты кыжырдантты (фото)

 «Оңураак деле ремонт кылса болот эле го. Бир эки олигарх чыгарып коймок. Матраимов, Салымбеков, Бабанов жана башкалар, кайдасыңар?

Москвадагы КРнын жарандары ВДНХнын көргөзмө комплексинде жайгашкан кыргыз павильонунун сырткы көрүнүшүн сынга алышууда. Facebook социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири анын сүрөттөрү менен баракчасында бөлүшкөн.


«Жөнөкөй болуп кетебиз. Ремонтту оңураак деле кылса болот эле го. Бир-эки олигарх чыгарып коймок. Матраимов, Салымбеков, Бабанов жана башкалар, кайдасыңар?

P.S Москвадагы көргөзмө павильондор. (ВДНХ). Кыргызстан VS Казахстан», - деп белгилеген интернет колдонуучусу.

{gallery}pavil’on{/gallery}

Колдонуучулардын пикири бул боюнча ар түрдүү болуп чыкты. Айрымдары сүрөттөрдү авторуна кошулуп, павильондун абалы мышык ыйларлык десе, башкалар имараттын сырткы бети өтө эле кооздолгон казак павильонуна караганда классикалык стилде экенин жазышкан.

Vesti.kg РФдагы КРнын элчилигине кыргыз павильонунун ремонту ким тараптан каржыланганын тактоо үчүн кайрылды. Бирок, элчиликтен публикация маалында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Белгилей кетсек, Москвада Эл чарбачылыгынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (ВДНХ) реконструкция иштери уланууда. Долбоор СССРдин символун дүйнөдөгү алдыңкы туристтик жайлардын катарына кошууну максат кылат. ВДНХга жакында 80 жыл толмокчу.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх