×

Предупреждение

JFolder: :files: Путь ведёт не к каталогу. Путь: [ROOT]/images/pavil’on
×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: images/pavil’on
×

Ошибка

[SIGPLUS_EXCEPTION_SOURCE] Image source is expected to be a full URL or a path relative to the image base folder specified in the back-end but pavil’on is neither a URL nor a relative path to an existing file or folder.
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кым-куутка түшмөй жок. Эртең Бишкекте ыкчам кабарлоо сиреналарынын ач айкырыгы угулат

Борбор калаада өзгөчө кырдаалдар учурунда жарандарды сиреналар менен кабарлоо системасын текшеришет. ӨКМ жарандарды түшүнүк менен кабыл алууну өтүнөт

2017-жылы КРнын ӨКМнин демилгеси менен 5-октябрды Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо боюнча өкмөттүн буйругу чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен 2019-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандык бардык аймактарында «Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнүн» алкагында айлык өткөрүлөт.

Бул иш-чаралардын алкагында жана шаардын мэри тарабынан бекитилген Бишкек шаарынын 2019-жылкы Жарандык коргонууга даярдоо планына ылайык, 2019-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарынын жарандык коргоо кызматы менен биргеликте «Башкаруу органдарынын жана Жарандык коргоо күчтөрүнүн жер титирөө маалында аткарчу иш-аракеттери» темасында командалык-штабдык окуулар өтөт.

Окуулардын жүрүшүндө 2019-жылдын 2-октябрында 11:00дө Бишкек шаарынын аймагында орнотулган калкты сиреналар менен кабарлоо системасынын абалы текшерилет. Буга байланыштуу, жарандарды аталган иш-чараны түшүнүк менен кабыл алып, сиренанын үнүн уккан учурда эч кандай аракет кабыл албоону суранабыз.

Бул иш-чаралардын максаты калкты өзгөчө кырдаалдар маалында өзүн-өзү алып жүрүүнү үйрөтүү болуп саналат.

КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх