Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек жана Ош шаарлары Smart Guide мобилдик тиркемесинде пайда болду (фото)

Чөнтөк жол көрсөткүчтөн ажайып жайлар тууралуу маалымат, ошондой эле ресторан, сейил бактары жана соода борборлорунун даректери менен карта тапса болот

Бишкек жана Ош шаарлары Smart Guide мобилдик тиркемесинде пайда болду. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагындагы өз баракчасында Маданият, маалымат жана туризм миинистрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу маалымдады.

Анын айтымында, 2020-жылдын жаз айларына чейин чөнтөк жол көрсөткүчтөн Кыргызстандын бардык аймактарын тапса болот.

Smart Guide - бул оффлайн тур-гиди. Тиркемеде шаарлардын ажайып жайларынын даректери, алар тууралуу маалымат бар. Бардык объектилер англис тилиндеги кыска сүрөттөмөгө ээ.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх