Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Андрей Малахов кыргызстандыктардан кыргызча кечирим сурады (видео)

 «Прямой эфир» программасынын бардык жамаатынын жана өзүмдүн атымдан чын дилден кечирим сурайм.»

Кечээ Андрей Малаховдун Россия 1 каналындагы «Прямой эфир» программасынын кезектеги чыгарылышы өттү. Эфирди жыйынтыктап жатып, теле алып баруучу жакында эле көрсөтүлгөн кайгылуу жол кырсыгына байланышкан берүүдө журналисттин айткан сөзүн көптөгөн кыргызстандык жана орусиялык көрүүчүлөр туура эмес түшүнүп алышканын айтты. Малахов кыргызстандыктардан кечирим сурап, алардын редакциясы бардык көрүүчүлөрдү өлкөсүнө жана улутуна карабай бирдей урматтаарын белгиледи.

«Бардык эле трагедиялардай, мында да анын келип чыгыш себептерин эмоционалдык талкуулоо учурунда бир катар божомолдор айтылган. Маруговдордун үй-бүлөсүндөгү жөнөкөй эмес кырдаалдан улам кырсыктын буюртма менен болушу мүмкүндүгү да айтылган. Тилекке каршы, Кыргызстандагы кээ бир көрүүчүлөрдү бул божомол капаланткан», -деп сөзүн баштаган теле алып баруучу.

Малахов кыргызстандыктарга кайрылып, теле көрүүчүлөрдөн кечирим сураган.

«Прямой эфир» теле берүүсүнүн бардык жамаатынын жана өзүмдүн атымдан ушул студияда айтылып, туура эмес кабыл алынып калган сөздөрүм үчүн кечирим сурайм. Биздин берүүнү дүйнө жүзү көрөт жана биз бардык көрүүчүлөрүбүздү алардын өлкөсүнө же улутуна карабастан сыйлап, урматтайбыз. Кечирип коюңуздар», - деген журналист.

Эске салсак, 24-сентябрда «Прямой эфир» теле берүүсүнүн эфиринде белгилүү орус журналисти Андрей Малахов адамдын өлүмүнө алып келген жол кырсыгын талкуулап жатып, бир катар жолу кыргызстандык Исламбек Акбаров орус миллиардери Александр Маруговдун уулун атайын сүзгөнүн баса белгилеп сүйлөгөн.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх