Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нөшөрлөгөн жамгырда унаасы бузулган айдоочуга жалгыз автоинспектор жардам берди (видео)

Тасманын автору ЖКККББнын инспектору «көздөрү жамандан башка көрбөй калган ичи тар адамдарга» караганда алда канча боорукер экенин белгилеген

Социалдык тармактын колдонуучусу Лола Асанша кызы өкмөттүк трассада бузулуп калган унааны түртүп чыгарганга жардам берип жаткан жол сакчысын видеого тартып алып, баракчасына жүктөгөн.


«Бүгүн кечинде өкмөттүк трассадан ылдый түшүп келе жаткам, күн суук, жаан төгүп жатат, жолдон төмөнкүдөй окуяга күбө болдум: «Жолдо Лексус кандайдыр бир себептен өчүп калыптыр, башка унааларга жолтоо кылып, тыгын жаратпаш үчүн жолдун чекесине түртүп коюга өтүп жаткан бир дагы айдоочу токтоп койгон жок, - деп жазган видеонун автору. Айдоочуга жалгыз инспектор жардам берүүгө чуркап келип, унааны жалгыз өзү түртүп барды, бул маалда бир дагы айдоочу токтоп, ага жардам бергенге жараган жок. Мен урматтуу инспекторго терең ыраазычылыгымды билдирем,  көзү жамандан башканы көрбөгөн ичи тар адамдардан алар алда канча боорукер экенин ал дагы бир ирет далилдеди».



Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх