Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүнүн уюштуруучулары Кыргызстанга акысыз павильон бөлүп беришти

Анын ордуна КРнын катышуучуларынан көчмөндөрдүн маданиятын көрсөтүүнү суранышты

«Дубай ЭКСПО – 2020» дүйнөлүк көргөзмөсүнүн уюштуруучулары Кыргызстандан барган катышуучулардын жүгүн бекер жеткирип, камсыздандыруусун төлөп, ошондой эле 400 кв.м өлчөмүндөгө павильонду акысыз бөлүп беришет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Соода-өнөр-жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев маалымдады.
Ал кыргызстандык катышуучуларга павильондун техникалык жана коммуналдык тейлөөсү дагы акысыз болоорун билдирди.


- Учурда көргөзмөнүн контентин иштеп чыгуу боюнча оргкомитет түзүлдү, -деди Мусуралиев. Биз бүгүнкү күнгө карата иш-чаранын уюштуруучуларынан КРнын катышуусун колдоого 2 миллион долларга жакын акча каражатын бөлдүрүүгө жетиштик. Бул колдоо акча түрүндө берилбейт, жүктөрдү жеткирүү, камсыздандыруу жана 400 кв.м өлчөмүндөгү павильондун берилиши түрүндө болот.


Мусуралиевдин айтымында, уюштуруучулар мунун ордуна уюштуруучулар кыргыздардын көчмөн жашоосун чагылдырууну суранышууда.


- Өзүңүздөр билгендей, алар өздөрү дагы көчмөндөр, буга байланыштуу алар биздин кантип жашаганыбызды, маданиятыбызды көрүүгө кызыгып жатышат. -Азыр араб өлкөлөрүнүн көптөгөн жашоочулары биздин өлкөгө, туристтик дараметибизге кызыгып жатышат.

- Көргөзмөнүн алкагында симпозиум, конференция, форум жана Кыргызстандын маданиятынын күнү сыяктуу башка иш-чаралар дагы эриш-аркак өтөт. Биз азырынча павильонду жасалгалоого кандай бюджет керектелерин билбейбиз, анткени экспонаттардын тизмеси бекитиле элек - деп сөзүн улантты ал. Мурдагы көргөзмөгө өкмөт 30-40 миңдей доллар бөлгөн.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх