Чыңгыз Айтматовдун музейи мышык ыйларлык абалда
ЖКнын депутаты өкмөттү бийликти жазуучунун үй-музейин мамлекеттин карамагына алууну сунуштады
Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи мамлекеттик бюджет тарабынан каралбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев айтып чыкты.
Анын айтымында музей бүгүнкү күндө мышык ыйларлык абалда турат.
- Сентябрдын башында мен Айдар Айтматов менен жолуккам, - деп маалымдады эл өкүлү. Биз анын атасынын чыгармаларын экранга чагылдыруу жана музей тууралуу сөз кылганбыз. Бул музейде 176 тилге которулган китептер сакталат. А объекттин абалы өтө начар. Ремонт жана каржылоо маселесин карап чыгуу керек. Жакында эле музейге Владимир Путин келип кеткен.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз