Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жолдубай Кайыповдун «Атам менен энеме» ырын жумушчулар Бишкектеги гүл бакчада пианинонун коштоосунда созушту (видео)

 Аймактык мастер Алмаз жана жүк ташуучу Адилеттин музыкалык таланты элди таң калтырды

Шаардагы «Театральный» гүл бакчасында мэрия пианино орноткон. Муниципалдык ишкананын жумушчулары анда Жолдубай Кайыповдун «Атам менен энеме» ырын чеберчилик менен аткарып беришти.

«Кутмандуу таң, Бишкек! Ооба, биз Театральный бакчасына пианино орноттук жана аларды бардык жерге орнотууну улантмакчыбыз. Караңыздарчы, эмне болуп жатат. Бакчада иштеп жаткан аймактык мастер Алмаз менен жүк ташуучу Адилет экөө бири пианино чертип, экинчиси ырды созолонтуп ырдап берди. Кандай сонун», - дешти шаардык муниципалитетте.



Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх