Дени сак балдар гана ишенимдүү келечек ээлери боло алышат
Окуучулардын тамак-ашына азыртадан көңүл бурбасак, кийин олуттуу маселелерге айланат
“Адам эмнени жесе, ошо болот” деген байыркы сөз бар эмеспи. Биздин келечегибиз болгон балдардын – мектеп окуучуларынын тамак-ашына азыртан жалпылап көңүл бурбасак, кийин алар чоңойгондо азыркыдан да олуттуу маселелер пайда болушу ыктымал. Ошондуктан, эл аралык уюмдардын Кыргызстандын жалпыга билим берүүчү мектептеринин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурууга көмөк көрсөтүп жатканы, колдой турган иш. Балдардын тамактануусу боюнча эксперт Турсун Мамырбаева төмөндө бул тууралуу бир топ жагдайлар боюнча суроолорго жооп берген.
-Эксперт катары айтсаңыз, «тен салмактуу жана толук кандуу» тамак дегенди кандай түшүнсө болот?
-Тен салмактуу жана толук кандуу тамак дегенибиз организмди бардык зарыл болгон заттар жана энергия менен керектүү өлчөмдө камсыздай турган азык. Тамак-аштын өлчөмү адамдын курагына, жынысына, физиологиялык абалына, кыймыл-аракеттерине жана аткарган жумушуна жараша болот. Күнүмдүк тамак-аштын өлчөмү адамдын энергияга болгон керектөөсүнө дал келүүгө тийиш, андан ашык же кем болсо ден соолугу үчүн олуттуу кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Адамдын тамактануусу анын керектөөсү менен шайкеш келсе, ал семирүү, кант диабети, артериялык кан басымдын кɵтɵрүлүшү жана рак сыяктуу өнөкөт оорулардын пайда болуу коркунучун азайтат.
-Баланын боюнун өсүшүнө, ден соолугунун чың болушуна, акыл-эсинин талапка ылайык калыптанышында тамак-аштын орду биринчи деп айтууга болобу?
-Албетте. Баланын ден соолугу жана акыл-эси ал түйүлдүк кезинде эле калыптана баштайт. Ошондуктан баланын ден соолугу чыӊ жана акыл-эси кадимкидей жайында болсун десек, биринчиден болочок эненин тамак-ашына көп көӊүл бурушубуз керек. Дени сак эне, дени сак бала тɵрɵйт. Эл аралык уюмдардын изилдɵɵлɵрү боюнча Кыргызстандагы тɵрɵт курагындагы кыз-келиндердин ар бир үчүнчүсү темирдин жетишсиздигинен пайда болуучу аз кандуулук менен, ар бир экинчиси фолий кычкылынын жетишсиздигинен жабыркайт. Ал эми йод жана башка витаминдер менен микроэлементтердин жетишсиздигинен канчалаган болочок энелер жабыркап жүргɵнү жɵнүндɵ бизде так маалымат жок. Бул витаминдер менен микроэлементтерди биз тамак аркылуу гана ала алабыз. Алар болочок баланын ден соолугу, анын баш мээсинин ɵсүшүнɵ жана акыл-эсинин калыптанышына абдан керек заттар болуп эсептелет.
Экинчиден, бала тɵрɵлгɵндɵн кийин анын тамагына кɵп кɵӊүл буруу керек, себеби бала толук кандуу тамактанса ал ɵсɵт, ɵнүгɵт. Тамагы талапка ылайык болбосо ал кɵп ооруйт, бою ɵспɵйт, салмак кошпойт, ал тургай ой жүгүртүүсү начарлап, бардык нерседен артта калышы мүмкүн. Каны аз балдар бат чарчашат, алардын эске тутуу, кɵӊүл коюп угуу, логикалык ой жүгүртүү жɵндɵмдүүлүгү начар болот. Баланын боюнун өспөй калышы анын баш мээсинин өспөй калгандыгынын да белгиси болуп эсептелет.
-Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда элдин 22 пайызы жакырчылыкта жашайт экен. Ушул катмардагы үй-бүлөнүн балдарынын дени сак, талапка ылайык чоңоюшу үчүн мамлекет биринчи кезекте кандай аракет кылышы керек?
-Мамлекет бул кɵп министрликтерден жана башка көптөгөн мамлекеттик мекемелерден турат эмеспи. Булардын ичинен балдардын дени сак чоӊоюшуна Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрликтери түздɵн-түз жоопкерчиликтүү. Бул министрликтердин жоопкерчиликтери ар кандай, мисалы Саламаттыкты сактоо министрлиги ар кандай оорулардын алдын алуу, туура тамактануу боюнча кеӊеш берүү, ар кандай ооруларды ɵз убагында аныктоо жана дарылоо кызматын аткарса, Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги жакыр үй-бүлɵлɵргɵ жɵлɵкпул тɵлɵɵгɵ жоопкерчиликтүү. Ал эми Билим берүү министрлиги башталгыч класстардын балдарынын тамагын шартка ылайык камсыздоого жооп берет.
Ошол эле убакта жогорку жана орто кесипчилик окуу жайларында канчалаган болочок ата-энелер билим алып жатышат. Туура тамактануунун негиздерин ошолордун окуу программасына киргизип, окутуп коюшса жакшы эле болмок. Туура тамактануунун негиздерин ар бир ата-эне билиши керек, ошондо гана балдардын бир топ ооруларынын алдын алууга болот.
-Баланын ата-энеси кандай аракет кылышы керек?
-Баланын ата-энесинин алгылыктуу аракети менен кɵп нерсени чечсе болот. Мисалы, баланы 2-3 жашка чейин эмчек эмизип, 6 айынан баштап колунда бар тамакка аралаштырса болот. Тамакты түрлɵп берүү керек, себеби бир тамакта бар азыктар башкасында жок. Адамга керек болгон бардык азыктарды (белок, углевод, май, витамин менен минералдык заттар) чогуу жегенде, алар бири-биринин сиӊимдүү болушуна өбөлгө түзɵт.
Тен-салмактуу жана толук кандуу тамак-аш дегенибиз сɵзсүз эле кымбат тамак эмес. Мисалы, талкандын ар кандай түрлɵрү (буудай, арпа, жүгɵрү) кɵпчүлүк үй-бүлɵлɵргɵ жеткиликтүү эле, ошол талкандарды аралаштырып ботко бышырып, ак май кошуп берсе деле болот. Мындай ботконун аш болумдуулугу жакшы, кɵптɵгɵн баалуу азыктар бар. Мындан тышкары жашылча-жемиштин ар кандай түрлɵрүн ɵстүрүп, кышка сактап балдарга берсе болот. Алма, ɵрүктү кургатып компот жасап берсе, чайдан кɵрɵ бир топ пайдалуу. Балдарга чайдан кɵрɵ кыргыздын улуттук суусундуктары (жарма, максым, чалап, күчтүү эмес кымыз менен бозо) абдан пайдалуу. Мындан тышкары тоок, каз, ɵрдɵк жана үндүк багып, алардын жумурткасын жана этин балдардын тамагына колдонсо болот. Азыр кɵпчүлүк үй-бүлɵлɵр уюнун сүтүн сатып жиберишип, акчасына балдарына ар кандай таттууларды алып беришет. Аларга караганда сүттɵ баланын ден соолугу үчүн пайдалуу азыктар кɵбүрɵɵк.
-Жети жаштан он эки жашка чейинки балдардын тамак-аш рационунун курамын айтып берсеңиз?
-Балдар жети жашка толгондо мектепке барышып, мурдагыдан түйшүктɵрү бир топ кɵбɵйɵт, ошондуктан бул жаштагы балдардын тамагына абдан дыкат мамиле жасаш керек. Балдардын мектепке тамак ичип, курсагын тойгузуп барганы жөндүү. Бул жаштагы балдардын тамагынын курамы башка курактагы балдардын тамагынан эч деле айырмасы жок. Мектеп жашындагы балдар эт, балык, сүт азыктарын, жашылчаларды, мɵмɵ-жемиштерди жеш керек. Мектеп жашындагы балдар 3 маал аш болумдуу ысык тамак ичип, 2-3 жолу шам-шум эткени туура. Кɵпчүлүк убакта балдар мектепте 4-5 саат окушуп, бир да жолу тамак ичишпейт. Мындайда балдар бат чарчашат, алардын сабакты түшүнүү жɵндɵмдүүлүгү начарлайт.
-Азыр эл аралык уюмдар Кыргызстандын мектептеринин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн ысык тамак берүүнү киргизип жатышканын кандай баалайсыз? Мындай долбоорлор аяктагандан кийин кайра токтоп калбайбы? Сиздин оюңуз?
-Албетте, бул колдоого алына турган иш аракет. Колдон келсе, мектептеги балдардын баарына тамак бериш керек. Бирок башталгыч класстардын балдарына сɵзсүз бериш керек, бул талашсыз. Азыр менин маалыматым боюнча БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Мерсико эл аралык уюму окуучуларга ысык тамак берүүгɵ колдоо кɵргɵзүп жатышат. Бул уюмдардын тажрыйбасын колдонуп, ɵлкɵнүн көптөгөн мектептеринде жергиликтүү бийликтердин жана ата-энелердин колдоосу менен ысык тамак бере башташты. Азыр башталгыч класстардын балдарына тамак берүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор киргизилип жатат. Бул толукталган мыйзам кабыл алынгандан кийин да, мындай иш аракеттер токтоп калбаш керек.
-Кыргызстандын аймактарына жараша тамактануу да бир топ айырмаланат. Мисалы, Нарында этке басым жасалса, Ош, Баткенде жашылчага басым жасалат. Мындай айырмачылыктын себеби эмнеде деп ойлойсуз? Ошол эле учурда ушул айырмачылык өсүп келе жаткан балдарга кандай таасир тийгизет?
-Эл арасында ушундай ой калыптанып калган, бирок бул аймактарда балдардын тамактануусу анча деле айырмаланбайт. Баланын өсүп-ɵнүгүүсүнɵ анын тамагынын ар түрлүү жана жеткиликтүү болушу чоӊ таасирин тийгизет.
-Шаарларда тез татым түйүндөрү козу карындай жайнап, алар чоңдордун да, балдардын курсагын тойгузуп жатканын бардыгыбыз күндө көрөбүз. Ошолордун пайда-зыяны тууралуу айтып берсеңиз?
-Тез татым түйүндөрү жасаган тамактарды анда-санда жесе анын анчалык деле терс таасири жок. Бирок балдар бул тамактарга басым жасашса, алар бир топ зыян табышат. Саламаттык сактоо министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун биргелешип өткөргөн изилдөөлөрү көрсөткөндөй, биздин шаардагы тез татым түйүндөрү менен кафе-ресторандарда жасалган тамактардын курамында транс-майлар менен туздун көлөмү абдан жогору экендиги аныкталган. Мындай тамактар адамдардын, өзгөчө балдардын арасында ар кандай ооруларга, мисалы ашыкча салмак кошуу, кант диабети, кан басымынын жогорулашы сыяктуу ооруларга, ал тургай рак оорусунун кээ бир түрлөрүнө алып келиши мүмкүн.
-Дүйнөдө балдардын тамактануусу боюнча кандай изилдөөлөр жүргүзүлүп турат? Башка өлкөлөрдө бул маселеге мамиле кандай?
-Дүйнөдө балдардын тамактануусу боюнча ар кандай изилдөөлөр жүргүзүлүп турат. Бул изилдөөлөр көбүнчө туура эмес тамактануунун тийгизген терс таасирин жана алардын алдын алуу жолдорун аныктоого арналган. Өнүккөн өлкөлөрдө дени сак балдардын боюн, салмагын, күч булчуӊдарын мезгил-мезгили менен изилдеп турушат. Себеби бул көрсөткүчтөр мектептеги парталардын көлөмүн аныктаганга, аларга кийим-кече тиккенге, ж.б.у.с. керек. Улам барган сайын өнүккөн өлкөлөрдө балдар бир топ бойлуу жана олбурлуу болуп жатышпайбы. Эгерде парталардын көлөмү туура келбесе алардын дене түзүлүшү бузулуп, бүкүр болуп калышы мүмкүн.