Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы: Имамдар нике кыюуда сөзсүз паспорт талап кылуулары керек

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жашы жете элек жарандардын үйлөнүүсү менен кантип күрөшүшөрүн айтып берди

Кечээ-жакында соцтармактарда жашы жете элек өспүрүм кызды ала качып кетишкен видео Кыргызстандын коомчулугун дүрбөлөңгө салган.
Такталбаган маалымат боюнча окуя Талас облусунда болуп өткөн, ал эми ала качып келишкен кыз болгону 16 жашта болгон.
Кыргызстанда эрте үйлөнүү көйгөйү дагы деле орчундуу. Көбүнчө мындай жаштар никелерин кыйдырып алып, чогуу түтүн булата беришет.


Vesti.kg дин адамдары турмуш курганы жаткан жуптардын жаштарын текшеришеби-жокпу изилдемекчи болду.


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан биз бүгүнкү күндө мамлекеттин бардык райондорунда имамдар нике кыйганын каттачу атайын журналдар бар экенин биле алдык.


- Мындай журналдар дин башкармалыгында расмий катталган имамдардын бардыгында бар, - деп белгилешти мекемеде. - Нике кыйууда ал жерге жашардын ата-энеси, күбөлөр жана жуптардын өздөрүнүн аты-жөнү жазылат. Мындан сырткары, нике жаштардын эрезеге жеткенин далилдеген паспорттун негизинде гана кыйылат.


Мындан сырткары, эгерде имамдар жашы жете элек жарандардын никесин кыйса, анда аларга КРнын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрү белгилүү болду.

- Бирок, бизге иштебеген имамдар бар, андыктан алардын иш-аракеттерине биз жооп бере албайбыз, - деп кошумчалашты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында.


Атайын журналдар 2019-жылы жайында киргизилген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх