Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Данияр Абдыкаров Мирбек Атабеков менен дуэт ырдады. «Манас» аба майданы корпоративге бир дагы тыйын коротушпаганына ынандырышууда (видео)

Мындан сырткары «Манас» эл аралык аба майданы аба каттамдарынын токтотулушу Жарандык авиация күнүнө байланыштуу эместигин белгилешти

«Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош багыты боюнча каттамдарын токтоткону Жарандык авиация күнүнүн белгиленишине байланыштуу эмес. Мындай маалыматты соцтармактарда «Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.

Кечээ Instagram социалдык түйүнүндө «Манас» аэропортунун Авиациялык коопсуздук жана режим дирекциясынын жетекчиси Данияр Абыкаровдун белгилүү эстрада ырчысы Мирбек Атабеков менен ресторанда дуэт ырдап жаткан видеосу жарыяланган.

«8-октябрдан бүгүнкү күнгө чейин «Манас» аба майданында Бишкек-Ош багытындагы дээрлик бардык каттамдар токтоп, жөнөкөй эл жапа чегип олтурат. Компаниянын басма сөз кызматы каттамдардын токтотулушу учактардын техникалык кыйынчылыктарына байланыштуу болгонун расмий кабарлашкан. Бирок, чындыгында себеп башкада - аэропорттун айрым жетекчилери менен кызматкерлери 7-октябрда белгиленген Жарандык авиация күнүн катуу майрамдап, ошондон бери өздөрүнө келе албай жатышыптыр», - деп жазылган публикацияда.

«Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз катчысы өз кезегинде, аэропорттун каттамдардын токтотулушуна тиешеси жок экенин билдирди.

«Интернет айдыңында Жарандык авиация күнүнө карата уюштурулган «Манас» аба майданынын корпоративинин видеосу тарап жатат.


Биринчиден, буга компаниянын бир дагы тыйыны кеткен жок. Акыркы 5 жылдан бери корпоративде катышкысы келген кызматкерлер өз эрки менен өз чөнтөктөрүнөн майрамга акча чыгарышат.
Экинчиден, аэропорттун «Эйр Манас» жеке авиакомпаниясынын каттамдарынын токтотулушуна эч кандай тиешеси жок», - деп жазган Курбанова.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх