Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Футболдун күйөрмандары Кыргызстандын курамасынын жеңишин кантип майрамдашты? (видео)

Мьянманын оюнчулары менен өткөн беттешүүдө биздин кураманын жеңишине кубанган жүздөгөн күйөрмандар Бишкектин борбордук көчөлөрүндө кырка тизилип басуу менен белгилешти

Беттешүү 2022-жылы өтчү дүйнө чемпионаты менен 2023-жылдагы Азия кубогунун тандоо турунун алкагында болуп өткөн.

Кыргызстандын курама командасынын ишеничтүү жеңишине кубаттанган күйөрмандар борбор калаанын негизги көчөлөрүнөн «Алга, кыргыз, алга!» деп кыйкырып басып өтүштү.

Спортчуларыбызга күйөрмандар дагы татыктоо колдоо көрсөтө алышты. Салтка ылайык, футбол сүйүүчүлөрү колдоруна өлкөнүн флагын көтөрүп келишти. Түрдүү уран менен сүрөгөндөн сырткары, трибунадагылар толкун да уюштуруп жиберишкен.

Эске салсак, Кыргызстандын курамасы Мьянманын футболисттерин 7:0 эсебинде рекордду жеңишке жетишип, күйөрмандарына чексиз кубаныч тартуулай алды.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх