Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манас» абай майданынын кызматкерлерин митинг жөнүндө эмне ойлонтту?

«МАМ» ААКу коопсуздук кызматынын жумушчуларын болгону башка филиалга өткөрүп жатышканын тактады

«Манас» аба майданынын коопсуздук кызматынын кызматкерлери массалык кыскартууларга байланыштуу митингге чыгышмакчы. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар маалымдайт.

Компаниянын жетекчилиги бир бөлүмдү жаап, ордуна жаңысын ачууга ниеттенип жатканы, мындан улам 50 киши жумушсуз кала турганы белгиленет.

Интернет айдыңында чогулган адамдарга белгисиз эркек кишинин кыскартуулар болбой турганын айтып жаткан видеосу дагы пайда болгон.


Ал ортодо «Манас» аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова бул кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.

- Эч ким эч кимди жумуштан кетирип жаткан жок, - деп белгиледи ал. - КРнын Жарандык авиация агенттигинин талабы менен жана эл аралык нормаларга ылайык, аэропорттун аймагындагы авиациялык коопсуздук түзүмү бирдиктүү болушу керек. Буга байланыштуу, учурда бизге караштуу «КММ» ЖАК компаниясынын айрым жумушчулары «МАМ» ААКнун Бишкектеги филиалынын Авиациялык коопсуздук кызматына эмгек акыларын сактап жана социалдык жеңилдиктерди берүү менен өткөрүлүп жатат.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх