Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балдар онкологиясы бөлүмүндөгү абал тууралуу: «Ачуумду билдирбей кое албайм»

Кичинекей бейтаптардын ата-энелери Гүлнура Жунушалиева жана анын командасынын кызматтан алышынына нааразы

Балдар бөлүмүнүн ата-энелери Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнура Жунушалиеванын кызматтан алынып, ордуна башка адистин дайындалганына нааразы. Бул тууралуу айрым ата-энелер Vesti.kg сайтына билдиришти.

Бөлүмдүн жетекчилигине бир жумадай мурда Уланбек Тургунбаев дайындалды. «Помогать легко» КФнун директору Динара Аляева бул боюнча Facebook тармагындагы баракчасына «кайгылуу анекдот» жазган:

«Үч жыл бою #урматтуу эмес Строкова ар бир бурчтан балдар онкологиясында балдар онкологдору иштеген жок деп кыйкырып келди, - деп белгилеген ал. - Эми анын арты менен Байзакованын жумуштан алынышынан кийин бөлүм бир дагы дарыгерсиз калганда балдар онкологиясында беш жыл окуган жетекчи кызматтан алынды. Ошондой эле, кызматтан профессор, балдар онкологу Эмиль Макимбетов четтетилди. Дал ушул Макимбетов менен Жунушалиева 10 жаш адисти тартып, тажрыйбаларын өткөрүп берген эле да.
Эми балдар онкологиясынын жаңы жетекчиси кылып чоңдордун онкологун дайындап коюшту. Күлкүлүү бекен?»
Анын айтымында кичинекей бейтаптардын ата-энелерин бул жагдай өтө тынчсыздандырууда.

- Чоңдордун онкологу башка, балдардыкы -такыр башка да, - дейт 12 жаштагы Аминанын апасы. Жунушалиева мыкты адис, балдар онкологу, эмнеге аны алып салышты?

Талия кызын эки жылдан бери дарылап келет жана дарыгерге ушунча убакыттан бери бир дагы нааразычылыгы болгон эмес. Бир жыл мурда кайрымдуулук фондунун жардамы менен ал кызын Индияга текшерүүгө алып бара алган, анда дарылоо курсунан кийин Аминанын организминде рак клеткалары жок деп чыккан.

Тилекке каршы, 2019-жылдын июль айында пландуу кароодо анда кайрадан шишик пайда болгону аныкталган. Өспүрүм химиотерапиянын эки курсун алды, алдыга дагы эки курс.

- Бир жумадан кийин биз кайра доктурга жатабыз, - деп бөлүштү Талия. Балада онкология болгондо, сен эч нерсе билбейсиң. Жунушалиева өзү бизге келип, ал-акыбалды сурап, керек болгондо ооруну басуучу ийнелерди өзү сайчу. Жаңы жетекчиге болсо жакындай албайсың.

Гүлзат кызы Мадинаны үч жылдан бери дарылап келе жатат. Ал дагы балдар онкологиясында жетишерлик деңгээлге жеткен кызматкерлердин кетирилип, бардыгын башынан башташ керек болгон жаңы адистин дайындалышына ачууланууда.

- Мен кызым менен доктурда 9 ай жаткам жана Гүлнура Жунушалиева менен Эмил Макимбетов кандай дарылашарын жакшы билем, - деди ал Vesti.kg сайтына. – Рак – бул састымоо эмес, жылдап дарылоо керек. Химиотерапия убагында бардык анализдер түшүп кетет. Бул дарыгерлер болсо өз иштерин абдан мыкты билишет: ар бирибиз менен баарлашышчу, кимдин кандай диагнозу бар, маанайы кандай - бүт сезишчү. Жаңы жетекчи болсо билбейт, кантип бул жакшылыкка алып барсын?

Гүлзаттын айтымында мурдагы жетекчинин демилгеси менен Бишкекке Беларусия жана Россиядан белгилүү балдар онкологдору чакырылган. Чет өлкөгө байма-бай баарып текшерилүү ар кимдин эле колунан келе бербейт, мында болсо тажрыйбалуу медиктер өздөрү келип, кичинекей кыргызстандыктарга консультация беришчү.

- Интернетте депутат Евгения Строкованын жазгандары боюнча ачуумду билдирбей кое албайм, - деди аял. -- Бөлүмдү «таза эмес» дарыгерлерден тазаладым, алар өлүм алдындагы балдардын өмүрү менен ойношкон, - дейт. Кантип ал ата-энелердин сезимдери менен ойнойт?! Биз араң турабыз, бирок, рак - бул өкүм эмес, дарыланат дешет, ар бир бир мүнөт - балдарыбыз жашап кетет деген биздин үмүтүбүз. Анын жазгандары бул жерде орунсуз.

Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнүн мурдагы илимий жетекчиси Эмил Макимбетовдун маалыматы боюнча, Жунушалиеванын командасы келгиче бөлүмдө бир гана дарыгер иштечү, лейкозду 1990-жылкы схема менен дарылап, балдар онкологиясы боюнча клиникалык ординатура, мастер-класстар жана эл аралык конференциялар деген болчу эмес.

«Азыр ал жерде 8 дарыгер бар, лейкозду дарылоо схемасы 2008-жылкы, жыл сайын бөлүмгө 2 же 3 ординатор келишет, деп жазган ал Facebook тармагында. - 5 жыл ичинде 10дон ашык мастер-класс жана конференциялар өткөрүлүп, дарыгерлер Россия жана башка мамлекеттерден окуп келишти, хирургдар өз алдынча УОГБда операция жүргүзө башташты, 7 протокол бекитилди- буга чейин бирөө да болгон эмес. 5 жылда болуп өткөн өзгөрүүлөрдүн бул бир эле чети».

Сентябрдын башында Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнура Жунушалиева кызматынан алынган. Эки жумадан кийин анын ордуна Уланбек Тургунбаев дайындалган.

Буга чейин Жунушалиева Vesti.kg сайтына бөлүмгө Евгения Строкова жетектеген комиссиянын негизсиз текшерүүлөрү көбөйүп жатканын билдирген эле. Мурдагы жетекчинин пикиринде, мындай жол менен парламент мүчөсү «өзүнүн кишилерине» жол бошотуп берген.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх