Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Салымбеков ханыша Елизавета IIнин рождество балына чакыруу алды

Мындан сырткары, жакында кыргызстандык бизнесмендердин Дональд Трамп менен эртең мененки тамакты бирге отуруп ичишери белгилүү болду

Белгилүү бизнесмен Аскар Салымбеков Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин Рождество балында конок болот. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү маалымдады.
Салымбеков аны Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы үчүн чакырышканын божомолдоду.

- Балким, өлкөнүн экономикасына кошкон салымым үчүн чакырышты, - деди ал. - Ошондой эле, кыязы, бүткүл дүйнө жүзүнө белгилүү болгонум үчүн. Менин ишмердүүлүгүмдү телевидениеден көрсөтүп келишет. Алар мунун бардыгын көрүп, мониторинг кылышат.

Мындан сырткары, Аскар Мааткабылович «Дордой» Ассоциациясынын бизнесмендери АКШнын президенти Дональд Трамп менен эртең мененки тамакты чогуу отуруп ичүүгө чакырылганын дагы кошумчалады.

- Бизди көп жерлерге чакырышат. Мисалы, Трамп менен эртең мененки тамакка чакырышты. Биздин ишкерлер ал жерге жакында барышат, - деп кошумчалады Салымбеков.


Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх