Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак үйдүн алдында укук коргоочу Конгантиев атындагы көчөнүн пайда болушуна каршы жалгыз нааразычылык акциясына чыкты (фото)

Активист ИИМнин экс-башчысынын кайсы эмгеги үчүн мындай сыйга татыганына айран-таң

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров нааразычылык акциясына чыкты - ал борбор калаанын чет жакаларындагы көчөлөрүнүн бирине ИИМнин экс-башчысы Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганына кыжырданган.
Акцияны ал Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында өткөрүүдө.

«Молдомуса Конгантиевдин кайсы сиңирген эмгеги үчүн анын атынан көчөнү аташты?!», - дейт ал.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg ИИМнин мурдагы башчысынын ысымы Аламүдүн районундагы көчөлөрдүн бирине берилгенин маалымдаган.

Молдомуса Конгантиев КРнын Кылмыш-жазык кодексинин «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» жана «Шалаакылык» беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган деген негизде айыпталган.

2019-жылдын июль айында ал Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан акталган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх